Menu

Премьер күйөө баласын “Кыргыз почтасына” биринчи орун басар кылган

Бөлүшүү:

Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевдин күйөө баласы Урматбек Жакыпбековду «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына биринчи орун басар кылып дайындаган. Өкмөт башчынын кан досу Саламаттыкты сактоо министирлигин башкарса, Абылгазиевдин бир тууган иниси досу жетектеген министирликте баңги заттар башкармалыгын көзөмөлдөйт деп депутат Ырыскелди Момбеков айтып чыккан.

Буга чейин Иманкадыр Рысалиев «Ачык өкмөт» проектисинде жогорку кызматта иштей тургандыгы, ал премьер-министрдин бажасы экендиги ачыкка чыккан. Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу “КТ Мобайл” компаниясында орун басар болуп иштеген. Ишке кире элек компаниядан 300 миңден ашык айлык алганы кабарланып, коомчулуктун сынына калган. Ал эми Өкмөт башчынын бажасы өзү болсо 5000 евро айлык алат деп Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди.

Атасы менен баласын социалдык тармактын колдонуучулары кызуу талкуулап, анын кызматтан кетишин талап кылышкан. Жыйынтыгында майлуу-талкан кызматтан экөөбү тең кол жууган.

Президент аткаминерлерди жогорку кызматка туугандарыңарды койбогула деп айтканы менен анын сөзүн аткарбагандар көп. Коомчулук учурда премьер-министрдин ишмердүүлүгүнө канааттанбай, анын кызматтан кетишин талап кылууда. Мындай пикирге айрым депутаттар да кошулуп, М. Абылгазиев отставкага кетиши керектигин ачык эле айтып жатышат.

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: