Menu

Рысалиев аралашты деген коррупциялык иштерге Абылгазиев уруксат берген эмес

Бөлүшүү:

Иманкадыр Рысалиевдин ысымы далайга кыргыздын саясий тарыхынан чыкпайт деп ишенсек болот. Бул киши Майрам Акаева, Максим Бакиев жана Икрам Илмияновдордун таасирине ээ болом деп жакшы эле аракет кылды. “Премьер-министр Мукан Абылгазиев – менин бажам болот” деп айтчу эмес. Кичи бажасын киши катары деле көрчү эмес дешет билгендер. Тескерисинче,“мен – президент Жээнбековдун эң ишенген адамымын. Ошол үчүн бажамды өкмөт башчы кылып дайындатып койгом” деп айтчу экен. Тиги “Ачык Өкмөт” демилгесинин офиси болбогондугунан, көп жолугушууларын үйүндө өткөзчү имиш. Анын “царское селодогу” үйүнүн дарегин “Кыргызалтындын”, Маммүлктүн, Байланыш комитетинин, аппараттын кызматкерлери жакшы билип калышкан дейт. Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетовдун мойнуна отуруп алганы чын экен. Кожоюнча кирип келип эле, тамекисин күйгүзүп, кабинетти чылымдын көк түтүнүнө толтуруп, аны өзүнүн колкатчысы кылып алыптыр. Көптөгөн жолугушуулары ошол кабинетте өткөнү далилденип чыккандан кийин, кесипкөй адис Мукамбетов өкмөттөн кетүүгө аргасыз болду. Өкмөт башчы Абылгазиев улуу бажасын чын дилден сыйлаганы, бул эми эзелтеден келген кыргыздын салты да. Убагында министр болуп турганда Рысалиев көп эле жолу бажасын тартып, жумушка дайындатканы дагы чындык. Бирок, кандайдыр бир коррупция иштерине Өкмөт башчы эч качан
уруксат берген эмес, “Рысалиевдин тилин аласыңар” деп түздөн-түз буйрук берген бир да факт жок. Анан дагы калың журт билбей калган бир жагдайды жаап жашырганда эмне? Иманкадыр Рысалиев премьер-министрдин кайын эжесинен ажырашып, мурун Аскар Акаевдин соцбөлүмүндө чогуу иштешкен Гүлмира Маматкеримованы алып алганы анык. Түздөн-түз айтканда, Абылгазиев менен бажа болбой калышканына бир канча жыл болуп калган.

Иманкадырды жакшы тааныгандар анын эң негизги сапаты катары мактанчаактыгын жана “наглый” экенин айтышат. Бул киши 3-4 ай мурун жакын эле бир тууганы өткөргөн тойдо “Мен убагында Майрам Акаеванын жакын досу болгом” деген мааниде сөздөр менен ошол жерде отурган аттуу-баштууларды уялтыптыр. Эки жолу “Азаттыка” бир жолу “Би-Би-Сиге” чыкканында “Я – Иманкадыр Рысалиев. Гегелди, Марксты, Кантты жатка билем. Төрт жолу министр болгом. Мен “шоопур” эмесмин, философмун” деп, анан премьер-министрдин атасынын атын билбегенин кайра-кайра көргөзүп, негизги ич күптүсү катары “силер мени Мукандын эле бажасы кылып койдуңар” деп арданганын жашыра алган жок. Аны менен иштешкен, жанагы коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө болобу, эл аралык адистергеби, жергиликтүү бизнестерге, берки аппараттын кызматкерлерине “жаңы эле президент менен жолуктум” же болбосо “кечээ күнү кечке иштештик Соке менен” деп айта берчү экен. Бул кылыгы президентке жетпесе керек. Же Рысалиев эч ким билбейт деп ойлогон. Анан эле тиги чырдан кийин “мен президент менен төрт жолу гана жолукканым чын” деп моюнга алганына да ыракмат десек болот.

Болбосо Рысалиев “президенттин мээси менмин” деп, президенттин атын сатып, оңго-солго тараткан суранычтарын элдер президенттин буйругу катарындай эле кабыл алып калышкан деп айтышууда. Байланыш боюнча мамкомитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев болуп “санариптештирүү” программасына келчү 300 миллион доллардан ашуун акчаны жакшыраак “эптештиребиз” деп атканына Алина Шаикова менен Дастан Догоевдер каршы чыга калышат. Интернет баракчалардын биринде чыккан версияга ылайык, Рысалиев Догоевдин ордуна президенттик кеңешчи болууну эңсеп жүргөн. Ал үчүн бул киши ГРС жетекчилерин каматууга да кызыкдар болуп, паспорт скандалы аркылуу Шаикова менен Догоевди жок эле дегенде жаман көрсөтүп, бирок колдон келсе каматып койгонго да аракет кылганы бүгүн айтылып жатпайбы. Бирок ал план ишке ашпай калды. Жетекчилик тажырыйбасы жок Идрис Кадыркулов УКМК төрагасы катары кайдагы бир швейцариялык фирмага ортомчу болуп, паспорт тендерин жокко чыгарууга кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүп койду. Ошентип ал дагы иштен айдалды. Иманкадыр болсо чоң чыр менен чабылды. Дастан Догоев Шаршембиевдин ордуна дайындалып, “санариптештирүү” долбоорун колго алды. Премьер-министр Абылгазиев, Кудай буюрса, чечкиндүү кадр алмаштыруу кадамдары аркылуу, “ШОСтун саммити жакындап калды, Путин менен Цзи Синьпиндер баш болуп сыйлуу коноктор келсе, үйдүн кожойкеси кетип калгандай өкмөтү жок аңгырап бош калбайлы” деген таризде жок эле дегенде эмки кышка чейин аман калды. Бирок, Иманкадырдын жоруктарынан улам Кыргызстанды паспорт чыгарчу компания 62 миллион еврого доого жыкканы турат. Бир-эки жуманын ичинде паспорт тендери боюнча чечим кабыл алынбаса, жаңы жылдан баштап чет өлкөгө чыкчу паспорт бланкалары да түгөнүп, чоң кризис жаралат. Ошону эске алганыбыз оң десек болот. Биз паспорт чырын токтотпосок, эл аралык сотко чейин чыгып, мамлекетибиз уят боло турганын эбак эле жазганбыз. Окуя ошого алып баратат.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: