Үстүбүздөгү жылдын 2 октябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Украинанын Жогорку Радасынын, Украинанын экономика жана өнүктүрүү министрлигинин, БУУнун Эл аралык туристтик мекемесинин колдоосу менен жыл сайын күздө өткөрүлгөн Эл аралык туристтик көргөзмөгө катышты. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Көргөзмөгө 26 өлкөнүн өкүлү, туристтик индустриянын 9530 адиси катышты.
Элчи Ж.Шарипов көргөзмөнүн уюштуруучулары Ю.Желдак жана Н.Стадник менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, жазда боло турган көргөзмөгө кыргыз тараптын катышуусун иштеп чыгуу макулдашылды.
Элчилик үстүбүздөгү жылы Ысык-Көл областы боюнча болгон инфотурга катышкан Украинанын туристтик мекемеси “Феерия” менен бирге Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрү жана туристтик багыттарды камтыган китепчелерди көргөзмөнүн катышуучуларын таркатып, Кыргыз Республикасы жөнүндө айтып беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ