Август айында президент Касым-Жомарт Токаевдин ырайымы менен боштондукка чыккан “Татыктуу эмгек” кесиптик кошуунунун мурдагы төрагасы Ерлан Балтабай кечээ, 3-октябрда Алматыда жыйын өткөрүп, кечиримден баш тартарын билдирди.
Анын билдирүүсүнө караганда, ал президент Токаевге ачык кат жолдоп, бийлик ага кесиптик ишин жүргүзүүгө, кесиптик кошуун башчылыгына талапкер болууга тоскоол болуп жатканын жазган. Ошондой эле ал райондук соттун өкүмүн даттанарын, сот аркылуу акталууга болгон күчүн жумшай турганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 17-июлда Чымкентте көз карандысыз “Татыктуу эмгек” кесиптик кошуунунун төрагасы Ерлан Балтабай уюмдун акчасын кымыруу айыбы менен 7 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, ал күнөөсүн мойнуна албай, уюмдун акчасын уурдабаганын, 2015-жылы кесиптик кошуундун иши токтотулгандыгына байланыштуу топтолгон каражатты сактоо боюнча чара көрүүгө аргасыз болгонун айткан.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ