Каракол шаарындагы Антон Чехов атындагы №6 мектепке 27 жаштагы Жоомарт Карыбаев директор болду. Шаардык билим берүү бөлүмүн үн жетекчиси Жеңишбек Урумовдун айтымында, мектепке жаңы көз караштагы жетекчи зарыл болгондуктан Карыбаев тандалган.
«№6 мектепте республикалык ири долбоор ишке ашырылат. Андыктан мектепке долбоорлор боюнча кенен ой жүгүрткөн адам керек болду. Жоомарттан үмүтүбүз чоң», — деди Урумов.
Билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Караколдо жалпы жонунан 10 мектеп бар. Жоомарт Карыбаев 1992-жыды Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылында төрөлгөн. Каракол педагогикалык колледжин аяктаган. Ал эми жогорку билимди Ысык-Көл мамлекеттик университетинен алып, орус тили жана адабияты мугалими адистигин аяктаган. Буга чейин башталгыч класстарга дене тарбия, орус тили жана адабияты боюнча сабак берип, Ысык-Көл телерадио компаниясында директор болгон.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ