22-майда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси М.Арстанбаев «Toshiba Corporation» компаниясынын Президенти Сатоши Цунакава мырза менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарапка бирдей кызыктуу болгон ар түрдүү жааттардагы кызматташтыктын келечеги жөнүндө пикир алмашуу орун алды. Элчи М.Арстанбаев «Toshiba» Кыргызстанда жалпыга белгилүү бренд болгондуктан, бул жагдай компаниянын өлкөнүн рыногуна кирүүсүнө ыӊгайлуу шарт түзөөрүн баса белгиледи. С.Цунакава Кыргыз Республикасы, «Toshiba Corporation» компаниясынын бизнесин өнүктүрүү үчүн, мыкты мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин айтты.
Жолугушуунун соӊунда тараптардын кызыкчылыктарын бириктирген маселелерди табуу максатында консультацияларды улантуу макулдашылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ