Menu

Экс-атамекенчи депутат Алмамбет Шыкмаматов парламенттик шайлоого “Бир бол” партиясы менен бара тургандыгын билдирди

Бөлүшүү:

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов парламенттик шайлоого “Бир бол” партиясынын курамы менен барат. Бул тууралуу Шыкмаматов журналисттерге өзү билдирди.

Анын айтымында, саясий уюмдун лидери Алтынбек Сулайманов менен сүйлөшүү процесси аяктады. Бардык негизги маселелер боюнча бир пикирге келип, тил табышууга жетишишти.

“Жаш, күчтүү, келечектүү жана тажрыйбалуу адистерге басым жасалат. Мен жаш жигиттер жөнүндө эмес, күчтүү потенциалы бар, өз тармагындагы адистер жөнүндө айтып жатам. Эгер Кудай буюрса, “Бир бол” парламентке өтсө, бул адамдар жетинчи чакырылыштын жылдыздарына айланат», – деди Алмамбет Шыкмаматов.

Ошондой эле, ал шайлоодо партиянын штабын жетектөө сунушуна макул экендигин кошумчалады. Тизмени түзө турган съезд президент Жогорку Кеңешке шайлоо күнүн белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койгондон кийин өтөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: