Menu

ШКУ мамлекеттеринин Медиафорумунун жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 24-майында Бишкек шаарында ШКУ мамлекеттеринин Медиафоруму өтүп, жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз республиканын туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Резолюциянын тексти:

«2019-жылдын 24-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында “Шанхай кызматташтык уюмунун өнүгүүсүндөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу” темасында Медиафоруму өттү.

Медиафорумдун ишине ШКУ өлкөлөрүнүн тармактык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле медиа серепчилери катышты.

Форумдун жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын заманбап өнүгүү тенденциялары, мамлекеттер жана медиа аралык өз ара иштиктүү байланышты, ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну күчтөндүрүү, ошондой эле, ШКУнун алкагында жалпы маалыматтык мейкиндик түзүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуулар жүрдү.

Катышуучулар Медиафорумдун жыйынтыгы боюнча:

– ШКУнун өнүгүү этабы маалыматтык технологиялардын активдүү өнүгүүсү жана коомчулуктун аң-сезимине массалык маалымат каражаттарынын таасиринин жогорулап турган учуруна туш келгендигин тастыкташты.
– Уюмдун уюткулуу багытын, анын ичинде ишенимди, баарына пайдалуу алаканы, тең укуктуулукту, өз ара кеңешип кабыл алынган чечимдерди жана көп түрдүү маданиятты сыйлоо сыяктуу “шанхай духунун” баалуулуктарын эл аралык аренада иш жүзүнө ашыруу зарыл экендигин белгилешти. Анын күбөсү катары, башка мамлекеттердин жана абройлуу эл аралык о.э. аймактык түзүмдөрдүн арасынан ШКУ менен кызматташууга кызыктар болгондордун санынын жогорулашы болуп эсептелет.
– ШКУнун ишмердүүлүгү жөнүндө так жана таасирдүү маалыматтардын таратылышына, ШКУнун кадыр-баркын бекемдөөгө жана элдер ортосундагы достуктун чыңдалышына ар тараптуу кызматташтыкты алып барууда терең маани берүү керек деп эсептешти.
– биргелешкен долбоорлорду, пресс – турларды, тематикалык семинарларды жана конференцияларды ишке ашыруу жана кеңири тажрыйба алмашуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттары ортосундагы кызматташууну бекемдөөнүн, ошондой эле, ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМК маселелерин тейлөөчү тиешелүү министрлик жана ведомстволор ортосунда өз ара кызматташуу деңгээлин жогорулатуунун зарылдыгын билдиришти.
– ШКУнун алкагында ЖМК чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин жөнгө салуучу жана ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКнын өз ара байланышта иш алып баруусуна салым кошо турган таасирдүү аянт түзүү үчүн конкреттүү механизмдерди куруу маанилүү экендигин баса белгилешти.
– ШКУ өлкөлөрүндө маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүү актуалдуулугуна маани беришти.
Ошондой эле, ШКУнун ишмердүүлүгүн, анын маанилүү болгон иш- чараларын, анын ичинде 2019-жылдын июнь айында өтө турган Бишкек саммитин ар тараптуу чагылдыруу тууралуу бирдиктүү ойлорун ортого салышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: