Menu

Ооганстанда алты жаштагы баланы өлтүрүүгө шектелген өспүрүмдөр соттолду

Бөлүшүү:

Ооганстанда сот бала уурдоого жана өлтүрүүгө айыпталган эки өспүрүмдүн ар бирин 30 жылдан эркинен ажыратты. 26-майда чыгарылган сот өкүмүндө алардын жаш курагы көрсөтүлгөн эмес, болгону 18ге чыга электиги жазылган.

Алты жаштагы Махса Ахмади Кабулда март айында уурдалган. Анын ата-энеси кылмышкерлер талап кылган 300 миң долларды таап бере албай калгандан кийин баласы өлтүрүлгөн.

Көп өтпөй укук коргоо органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары эки өспүрүм кармалган. Кийин полиция алар күнөөлөрүн мойундарына алып жатканы тартылган видеону жарыялаган.

Анда эки өспүрүм уурдалган баланын ата-энесинен 300 миң доллар талап кылып, бирок акча ала албагандан кийин баланы өлтүрүп салышканын айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: