Menu

Фото – Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековго Казахстан Республикасынын тунгуч Президентинин Орденин тапшырды

Бөлүшүү:

Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 28-майда, Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге кол коюунун 5 жылдыгына карата жана ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду «Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти — Элбашы Нурсултан Назарбаев» Ордени менен сыйлады.

Жолугушуу Президент Сооронбай Жээнбековдун Нур-Султан шаарындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракелүү жыйынына катышуу үчүн иш сапарынын алкагында болду.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы бир туугандык мамилелерди орнотуп, бекемдөгө кошкон жеке салымын белгиледи. Өлкөлөр ортосунда эки тараптуу гана эмес, эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташтык жана өз ара аракеттенишүү өнүгүүдө.

Ал ошондой эле Нурсултан Назарбаевдин евразиялык интеграцияны түзүү жөнүндөгү демилгеси иш жүзүнө ийгиликтүү ашып жатканын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары дагы тереңдешине ишеним билдирди.

Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүнү ар дайым колдоп келгенин жана колдой берерин белгиледи.

Нурсултан Назарбаев Президент Сооронбай Жээнбековдун алган багытын колдогонун белгилеп, анын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: