Menu

Ошто “Ишкер” ишканасы 11 млн. сомду кымырганы аныкталды

Бөлүшүү:

Прокуратура Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагында түзүлгөн Ош шаарындагы «Ишкер» кичи-кредиттик ишканасында ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузууну аныктады.

Мындай факты Ош облустук прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө ачыкка чыкты.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Аталган ишкананын кызматкерлери 2010-2018-жылдардын аралыгында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, насыя алган жарандар кайтарып төлөгөн акча каражаттарын системалуу түрдө өздөрүнө ыйгарып алышкан. Анын натыйжасында мамлекетке болжол менен 11 млн. 382 910 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Облустук прокуратура тарабынан чогултулган материалдардын негизинде бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү үчүн тергөө органына тапшырылды.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: