Menu

Ооганстандан келген кыргыздар Нарында картон терип жан багышууда

Бөлүшүү:

Коомдук тармактарда бийлик бир жарым жыл мурда Ооганстандан Нарынга көчүрүп келген этникалык кыргыздар шаардын базарларында коробка чогултуп жүрүшкөнү тартылган сүрөттөр пайда болгон.

Ооган кыргыздарынын бири Жайчибек Абдикарим уулу акыркы үч айдан бери кайын атасы экөө картон кагазын терип жүрүшкөнүн жана түшкөн акчага азык-түлүк сатып алып жатышканын айткан. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик аларга жумушка орношуу үчүн шарт түзүп бербегендиктен картон кагаздарын терип сатып жүрүшөт.

«Соода борборлордун бириндеги ашкана иштеткен Нурлан деген байке тараза алып берген. Ошол таразага күнүгө тартып, канча килограмм болгонун эсептеп, жазып турабыз. Күнүгө 30-40 килограммдай картон чогулат»,-дейт Абдикарим уулу.

Ал чогултулган картон кагаздардын бардыгын ашкананын ээсине өткөрүп беришээрин, ал эми Нурлан аларды Бишкекке жөнөтүп, түшкөн акчаларды памирликтерге берет экен.

Ал эми облустук бийликтин кызматкери Ж. Ибраева картон кагаз чогултуу да «эмгек» экендигин белгилеп: «Бизде Нарында деле таштанды полигондорунда, базарларда макулатура чогулткан шаар тургундары бар. Алар колдорунан келген жумуштарды аткарып жатышат. Мунун эч кандай уяты жок, бул адал эмгек»,- деп түшүндүрдү.

Учурда Нарын облусунда памирлик кыргыздардын 10 үй-бүлөсү жашайт. Мамлекет аларга социалдык жөлөк пулдарды жана тамак-ашка деп каражат чегерип берип турат, бул айына 7000 сомдун тегерегиндеги акча.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: