Menu

Таалай Чолпонкулов коррупционерби?

Бөлүшүү:

Бир кездеги баш бакан Чыңгышев жаны кашайып, мындан 30 жылдай мурда: “жалкоолор менен жиндилер гана уурдабайт” деп бекеринен айткан эмес экен. Муну тээ Акаевдин доорунан тартып Атамбаевдин дооруна чейин ашкереленген Кыргызстанды биротоло талкалап-тоногон жүздөгөн эмес, миңдеген фактылар ырастап келет. Ага карабастан, мындай коррупциялык жагдайларга коррупционерлердин өздөрү тараптан ар кайсы учурда күрөш башталымыш болгону менен, бул каргашалуу көрүнүштөрдүн чети оюлбай келаткандай…

Кыргыз өкөтүнүн алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин мүдүрү, Атамбаевдин жакын тууганымын деген Таалай Чолпонкуловдун “ишмердиги” буга күбө. Анын кылмыштары четинен ашкереленип жаткандыгына карабастан, жоопко тартылбай келаткандыгы, адал иштеп жан баккан миңдеген адамдардын нараазылыгын пайда кылып, күчөтүп, элдин мыйзамдуулукка – адилеттүүлүккө болгон ишенимин тебелеп-тепсеп, бийликтин кадыр-баркына көө жаап келүүдө.

Таалай Чолпонкуловдун “акылман жетекчилиги” астында аракеттенип келаткан агенттиктин башкы донору Азия өнүктүрүү банкы экендигин көпчүлүк билбестир. Мурда аталган банк тарабынан каржылоонун 2 долбоору ишке ашырылган болсо, учурда 3-долбоору аракеттенүүдө. Каржылоонун 1-долбооруна Азия өнүктүрүү банкы 13 миллион АКШ долларын бөлгөн. 2-долбоор Кыргыз өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылып, биз тарап 3,5 миллион доллар кошкон болсо, эл аралык каржылоо мекемеси 19 миллион 300 миң доллар ажыраткан. Бул сумманын 10 миллиону грант түрүндө, ал эми калган өлчөмү жеңилдетилген шарттагы насыя катары алынган. Демек, бул акчалар элдин эсебинен алынып, убагы келгенде үстөгү менен карапайым калктын чөнтөгүнөн төлөтүлөөрү талашсыз.

Каржылоонун 3-долбоору үстүбүздөгү жылы башталып, Азия өнүктүрүү банкы 30 миллион доллар бөлүп берүүдө. Аталган акчага Агенттик тарабынан жаш адистерди окутуп даярдоо үчүн айыл чарба техникаларын, заманбап басмакана станокторун ж.б. зарыл шаймандарды сатып алуу каралган.

Эң шумдугу – кесиптик окуу жайлары үчүн сатылып алынган шаймандардын баасы коомчулуктун кыжырдануусун жараткан ТЭЦ кычкачтарынан ашса ашып, бирок, кем калчудай эмес. Мисалы:

1. Лазердик принтер 4800 АКШ долларына алынган. Ал эми дүкөндөгү баасы 700 доллар;

2. Бир боёктуу офсеттик станок 95000 долларга алынган. Өз баасы 40000 доллар;

3. Компьютердик стол 1000 долларга алынган. Өз баасы 150 доллар;

4. Отургучтардын бир даанасы 260 долларга алынган. Өз баасы 30 доллар;

5. Кыргыз тилин билбеген чет элдик окутуучунун 1 сааттык сабагы 50 000 сомго бааланып келишим түзүлүп, бюджетке 22 миллион сом зыян келтирилген;

6. Агентчиликтин жетекчилиги окуу шаймандарын алуу үчүн тендер өткөрүп, АТЕМРІRЕ ОсООсу менен 6 миллион 178 миң долларга келишим түзүп, аталган сумманы эч бир ырастоочу документтерсиз эле төлөп бере салган…

Бул жерде коомчулукка түшүнүктүү болсун үчүн айтып кете турган нерсе – кесиптик окуу жайларда сабак берген, кыргыз жана орус тилинде сайраган, 40 жылдык эмгек стажы бар биздин окутуучунун 1 сааттык сабагы болгону 75 сомго бааланып келүүдө. Себеби, тармактагы Чолпонкулов баш болгон коррупционерлер карапайым окутуучунун 75 сомунун эмнесин уурдап-жемек эле…

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар, мүмкүн, агенттиктеги талап-тоноонун учурларынын 100/1и да болбошу мүмкүн.

Убагында Кыргызстан жазуучулар союзунун миллиондогон акчаларын уурдап-жеп, өзү айткандай, мултимиллионер болгон экс-президент Атамбаевдин жакый тууганы Таалай Чолпонкуловдун (АША бул тууганын “Такиш” деп эркелетчү экен) жегичтиги жогорудагылар менен гана чектелип калбаптыр.

Бишкек шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан 3-лицейге караштуу жатакананын 1-кабаты чет элдик Social Соffее деп аталган ресторанга ижарага берилип, келишимде көрсөтүлгөндөй, ирандыктар айына 119 миң сом төлөп турушат экен. Бишкектин как борборунан орун алып, алтын алкакка кирген аталган жердин өлчөмү 551 чарчы метрди түзөт. Алтын алкактагы башка чет элдик ресторандар 1 чарчы метр ижарага алынган аянтка айына 1703 сомдон төлөп келаткандыктарын эске ала турган болсок, ирандык алдар көсө биздин алданган көсөгө айына 119 миң сом эмес, 961 миң сом төлөөгө тийиш экен. Эл билбеген 842 миң сомдук айырма кимдердин чөнтөгүнө түшүп жатты экен?! Муну Финпол деген байлардын мекемеси билбейт дейсиңерби?!..

Баш калаанын Байтик баатыр көчөсүндөгү 5-кесиптик лицей “Андрос” деп аталган медициналык борборго 100 чарчы метрден ашыгыраак аянтын ижарага берип, андан айына 20 360 сом атайын эсепке которулуп турат. Аталган аймакта 1 чарчы метр аянттын баасы 800 сомду түзөөрүн эске ала турган болсок, ижарачы “Андрос” калган 80 000 сомду кимдин чөнтөгүнө салып берип жатты экен?!..

Эгер Кесиптик билим берүү агенттигинин мүдүрү Такиш Чолпонкулов жогорудагыдай “ишмердигин” жана “акылман жетекчилигин” уланта берсе, элде азыркы бийликтин мындай жетекчи кадрларга муктаждыгы бар турбайбы деген пикир жийиркеничтүү пайда болоору турган сөз.

Укмуштуунун төөсү жорго дегендей Такиш Чолпонкуловдун мыйзамды уруп ойнобогондугу, жамааттын, коомчулуктун пикирин сыйлабагандыгы да элдин кыжырын кайнатууда. Мисалы, Бишкек шаарындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы 92-кесиптик лицейден окуу жайларды кайра түзүү максатына жамынып, кыргыз элинин сыймыгы болгон бул атактуу инсандын атын өчүрүп салуусун кантип түшүнүүгө болот? Бул – Кыргыз өкмөтүнүн 1993-жылдын 13-мартындагы 132-токтомун жокко чыгаруу дегенди билдирет. Такиш Чолпонкулов качантан бери баш бакан Абылгазиевден өйдө туруп калган?!..

Т. Чолпонкулов экс-президент Атамбаевдин тууганы экендигине жамынып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, оюна келгенди оттоп келди. Аталган тармактын жамааттары укук коргоо органдарынан ага карата чара көрүүнү суранат.

Гүлбара Сулайманова, Замира Мамбетова, Динара Аширова укук коргоочулар

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: