УКМКнын мурдагы жетекчиси Идрис Кадыркулов 15-майда кызматтан бошоду. Андан бери 13 күн өттү. Ал эми Конституциянын 87-беренесинин 5-бөлүмүнө ылайык, өкмөттүн мүчөсү кызматтан кетсе, анын талапкерлиги 5 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке киргизилиши керек. Мына, Конституция президент тараптан да, премьер-министр тараптан да бузулуп жатат. Бийлик кимди жетекчи кылып алып келишти билбей, бүгүнкү күнгө чейин башын катууда. Ал арада Кубатбек Байболов УКМКнын башына барып калышы мүмкүн экени айтылууда.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ