Тажикстанда соңку эки күндө жүргөн селден бир киши өлүп, жүздөгөн турак-жай, сарайлар бузулду.
Өзгөчө кырдаалдар комитети 1-июнда катуу жааган жаандын кесепетинен Рудаки районунда сел жүрүп, 70тей короо-жайды, 8 үйдүн жер төлөсүн суу каптаганын билдирди. Чыгымдарды баалоо үчүн аймакка атайын комиссия мүчөлөрү жөнөп кетти.
2-июнь күнү Хатлон облусунун тоолуу аймактарында сел жүрүп, Бандар айлыгын тургуну, 18 жаштагы жигит мерт болду. 18 короо-жай суу алдында калды, айылды Бохтар-Душанбе жолу менен бириктирген көпүрө жарым-жартылай талкаланды.
Восе районунда суу ташкынынан 400дөн ашуун турак-жайга доо кетти.
Тажикстан гидрометеорология борбору 3-июнда күн күркүрөп, катуу жамгыр жаап, сел жүрүшү ыктымал экенин эскертти. Быйыл бул өлкөдө тилсиз жоонун кесепетинен улам 15 адам мерт болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ