Menu

Милиция ШКУнун Саммитин өткөрүү учурунда күчөтүлгөн тартипке өтөт

Бөлүшүү:

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин  отурумун өткөрүү маалында Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги  тарабынан  коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын өздүк курамын күчөтүлгөн тартипке өткөрүү иш-чараны даярдоо жана өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамды аткаруу, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо, туруктуу ыкчам абалды колдоо максатында киргизилүүдө.

Азыркы учурда иш-чараны өткөрүүдө укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо планы иштелип чыгып, күчтөр менен каражаттардын саны бекитилди. Бул максатта  Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин кызматкерлери тартылды.

Ички иштер органдары маршруттук колонналарды, иш-чараны өткөрүү жайларын жана делегациянын жашаган жерин коргоого алышат. Андан сырткары, укукбузган иш-аракеттерди жасоого мүмкүн болгон   адамдардын жүрүм-турумуна көзөмөл күчөтүлөт.

Бишкекте жана “Бишкек –“Манас” аэропорту” автожолунда автоунаатранспортторунун кыймылына чектөөлөр коюлат. ИИМдин ЖКККББсы шаардын жашоочулары менен конокторуна белгиленген маршруттук кыймыл боюнча жүрүүнү кыскартууну же алтернативдүү маршруттук кыймылды тандоону суранат.

Өлкөдөгү коомдук коопсуздукту камсыздоо менен алектенишкен милиция  кызматкерлери  Бишкек шаарынын аянттарында жана көчөлөрүндө ШКУнун Саммитин даярдоо жана өткөрүү маалында массалык акцияларды, митингдерди, пикеттерди, демонстрацияларды жана жөө жүрүштөрдү өткөрүүнү болтурбоо үчүн коомдук уюмдарга, кыймылдарга жана жарандарга менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Биринчимай райондук сотунун чечими менен 1-июндан 20-июнга чейин бардык каршылык акциялары менен митингдерди Бишкек шаарынын М. Горький атындагы эс алуу бакчасынын аймагында  гана өткөрүү сунушталды. Аталган чечим, жогорку деңгээлдеги иш-чараны өткөрүү үчүн азыркы учурда шаардын борбордук көчөлөрүндө жашылдандыруу жана ирээтке келтирүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгына байланышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: