Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына Туркиянын “У” аттуу жараны ички иштер органдарынан жашырынып, Кыргыз Республикасынын аймагынында мыйзамсыз жүргөндүгү жана Европа өлкөлөрүнө жасалма документ менен кетүүгө аракеттенип жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
2019-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Интерполдун багыты боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 35 жаштагы Турциянын жараны кармалган. Алынган маалымат боюнча ага Турция Республикасынын аймагында жасаган оор кылмыш иши үчүн издөө жарыяланган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми, соттун чечими менен №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.
Азыркы учурда кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ