Menu

Абылгазиевге “апырткандар” жоопко тартылабы?

Бөлүшүү:

Кыргызстанга акыркы 10 жыл аралыгында инвестициянын келбей тартылып калышын адистер айтып эле жатышты. Бирок, өкмөт же тийиштүү мекемелер ар кандай майда көрсөткүчтөр менен коомдун назарын башкага буруу менен алек болуп келди. Бул иштердин арты ар кандай багыттарда кыйынчылыктарды пайда кылып, экономикалык жактардан эле мамлекеттин канчалык инвестиция тартып жатканын ачык көрсөтүп коюп жатты. Жыл башынан бери өкмөт инвестициянын көлөмү 7,6 пайызга түшүп кетти деп айтып, бирок бат эле анын 38 пайызга өскөнүн айтып чыккан. Буга таң калгандар болду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте өкмөттүн 2018-жыл тууралуу отчёт берип жатып, былтыр чет элдик түз инвестициянын көлөмү 7,6 пайызга төмөндөп кеткенин айткан. Атүгүл ал муну “Кыргызстандагы гана эмес, бүтүндөй дүйнө экономикасындагы көйгөй” деп түшүндүргөн эле. Бирок, андан көп өтпөй жакында эле Улуттук статистика комитетинин сайтына инвестиция тартуу боюнча көрсөткүчтөрдүн көлөмү тууралуу маалымат чыгып, анда инвестиция 38,1 пайызга өстү деп айтылат. Аз күн мурда экономикадагы кемчиликтер үчүн президент, премьер жана депутаттар тарабынан көп сын айтылгандыктан экономика министри Олег Панкратов кызматынан кеткен болчу. Эгер, инвестиция 7,6%га азайбай эле, 38,3 %га көбөйгөн болсо, анда Панкратов “саясий” сары улак болуп чабылдыбы? Же өкмөт башын өз билгениндей калчап, экономикалык түшүнүгү аз деп, ар жерден ар кандай атказып жатышабы? Бул цифралардын жаңылыштыты үчүн Абулгазиев кимдерди жоопко тарта алды?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: