Menu

Фото – Индиянын Премьер-министри Н.Модинин Кыргыз Республикасына расмий сапарын сапаттуу даярдоо максатында кыргыз тарабы менен индия тарабынын ортосунда сүйлөшүүлөр өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-июнда, КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун катышуусунда кыргыз жана индия тараптарынын ортосунда түзүлгөн финансылык механизмдин алкагында ишке ашырылуусу пландалган долбоорлорду талкуулоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Сүйлөшүүлөрдө теңтөрага катары КР Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарабы саламаттыкты сактоо, жеңил өнөр жай жана энергетика, маалыматтык технологиялар жана экономиканын башка тармактарындагы долбоорлорду сунуш кылды. Сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарабынан КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, КР Соода өнөр-жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев, ошондой эле, саламаттыкты сактоо, экономика министрлеринин Орун басарлары, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин жана башка КР мамлекеттик органдарынын жетекчилиги жана өкүлдөрү катышты.

Индия тарабынан Индиянын Тышкы иштер министрлигинин өнүктүрүү боюнча Өнөктөштүк департаментинин директору Аджай Кумар, Индиянын Тышкы иштер министрлигинин Евразия департаментинин директору С.Джанакираман, Индиянын Финансы министрлигинин Экономикалык иштер департаментинин директору Мрутуножай Бехера жана Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Алок Амитабх Димри катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: