4-июнь күнү кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок унаа жол” чек ара өткөрүү бекетинде Казакстандан бензин ташууга шектелип, токтотулган кыргыз жараны чек арачыларга кол салган. Бул тууралу “Кактус” порталына күч органдарындагы булактары билдирген.
Ал алгач аңгемелешүүгө чакырган чек ара бекетинин начальнигин сөгүп-кагып, эч кимди укпай чыгып баратканда жолун торогон чек арачылардын бирин ичке тепкен.
Калган экөөсүнө каршылык көрсөтүп, телефонго видеого тартып жаткан үчүнчү чек арачыга кол салган.
Чек арачылар аны кармап, милиция чакырып өткөрүп беришкенине карабай, милиция аны коё берип, алигиче иликтөөнү баштаган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ