Menu

ИИМ: Премиум-класстагы автоунааларды алдамчылык менен алып сатып жүргөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

Жакында, ИИМдин ыкчам кызматтары жарандарды ири суммадагы зыянга учураткан шектүүнү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча кылмышкер негизинен шаардын жана башка региондордун аймагында премиум-класстагы автоунааларды сатып алышкан жана сатып жаткан жарандарды алдоо аркылуу алдамчылык менен алектенип жүргөн. Жарандарга болжол менен жалпы суммасы 500 миң АКШ долларын түзгөн материалдык зыян келтирилген.

2019-жылдын январь айында Бишкек ШИИББге шаардын тургуну кайрылып, арызында алдамчылык фактысы боюнча Раимжан аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Аныкталгандай, 2018-жылдын июль айында алдоо жолу менен жабырлануучунун баасы 37 000 АКШ доллары турган “БМВ Х-6” үлгүсүндөгү автоунаасын мыйзамсыз ээлеп алып, изин жашырып качып кеткен. Аталган факты КЖБРге катталып, Бишкек ШИИББи тарабынан сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

Андан сырткары, 2018-жылдын сентябрында Бишкекте Раимжан аттуу адам алдоо жолу менен 2016-жылы чыккан “Лексус” үлгүсүндөгү автоунааны ээлеп алып, кайрадан жоголуп кеткен. Жабырлануучуга 45 000 АКШ доллар суммасындагы материалдык зыян келтирилген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 2019-жылдын январь айында издөө жарыяланган.

2019-жылдын июнь айынын башында ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам
кызматкерлери Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин КМКнын кызматкерлери менен бирдикте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, издөөгө алынган 1980-жылы туулган Заитов Раимжандын кайда жүргөндүгү аныкталып, кармалган. Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран мурда соттолгон жана анын алдамчылыкка, ири жана өзгөчө ири суммадагы акча каражаттарды алдоо жолу менен ээлеп алууга байланышкан 30тан ашык фактыларга тиешеси бар. Андан сырткары, ал шаар тургундарынын батирлерин алдоо жолу менен ээлеп алууга шектелүүдө. Негизинен ал өзүн Рома деп тааныштырып жүргөн, ошондой эле, андан чоң кызматтагы адамдар дагы жабыр тартышкан. ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча жарандарга келтирген материалдык зыяндын баасы болжол менен жалпы суммасы 500 миң АКШ долларын түзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Криминалдык милиция кызматы жогоруда көрсөтүлгөн  жарандын колунан жабыр тарткан адамдар жөнүндө кандайдыр-бир маалыматтарды биле турган болсоңуздар ИИМдин КМКсына төмөнкү номурлар менен кайрылсаңыздар болот: 0312 266261, 0702850023, 0555696663.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: