“Кубаныч Кулматов бажы башчысы болгондо бажы төлөмдөрү бир күндө он эсеге көбөйгөн. Ошондо Кулматов Сапар экөөбүзгө жыл аягына чейин элдин казынгасына 200 млн доллар түшөт деп айткан эле”, – деп билдирди бүгүн, 8-июнда Алмаз Атамбаев өзү уюштурган коррупцияга каршы митингде чыгып сүйлөп.
“Эмнеге Сооронбай Райымдан мынчалык коркуп жатат? Анткени Райым анын көп кылыгын билет да. Булар Райымды да Икрамга окшотуп камаш керек же өлтүрүш керек. Анткени Икрамды эмнеге камады? Ал “чёрный кассадагы” 24 млн доллар штабга Икрам аркылуу келген да. Анан сүйлөп койгон деп жөн эле камап салды. Анын деле камалганы 1 жылга жакындап калды, бир да тергөө эксперименти жүрө элек. Жөн эле олтурат. Бул колхоздун башкармасы койдой эле тандап “муну сойгула, семиз экен” дегендей, “муну камагыла” деп камата берсе , биз кой белек карап тура бергидей?”
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ