Menu

Турсунбек Акун: “Атамбаев бүгүн Батукаевге эч тиешеси жок Президент Жээнбековду “андан акча алган” деп айыптады, бул жалаасы үчүн ал мыйзам алдында жооп бериши керек”

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаевдин бүгүн 8-июнда өзү уюштурган коррупцияга каршы митингинде сүйлөгөнү боюнча комментарийлер: Атамбаев митингдин катышуучуларынын алдында сүйлөп баягы ойлонулбаган, башкалардын аброюна, ар-намысына шек келтирип басынткан сөздөрүн улантып Кыргызстандын элине такталбаган, негизи жок? жалган маалыматтарды берип, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууга аракет кылды.
Биринчиден, өз жеке кызыкчылыгын канаттандыруу максатында жалпы эл тарабынан шайланган өлкө башчысынын наамына акаарат келтирип, кадыр-баркын тебелеп, эл алдында негизсиз жамандап Президентти элге мокочо көрсөтүүгө аракет кылды. Жаман аттуу эле кылбастан Президент тууралуу туура эмес, такталбаган маалыматтарды таратып, бул ушактары үчүн өзүнүн үстүнөн кылмыш ишин козгоого негиз түздү.
Элге белгилүү болгондой Раим Матраимов менен Жээнбеков эмес Атамбаев өзү Матраимовдор менен бир болуп, бир нече хан сарайларды салдыртып алты жыл бою анын байлыгынын үзүрүн болуп көрбөгөндөй пайдаланып эми түштөн кийин актанып жатканы негизсиз. Атамбаев мындай аракети менен эми элди алдай албайт. Алты жыл бою ага алданган эл эми ага ишенбейт.
Кыргызстанда элдин эсебинен эсепсиз байыган бир нече адамдар бар. Анын бири Атамбаев, экинчиси өзү айткан Раим Матраимов. Бул экөө тең арам акча менен байыган адамдар. Экөө тең Шоро кампаниясын түзгөн маркум Табылды Эгембердиев же Дордой сыяктуу могикан бизнести түзгөн элдик ишмер Аскар Салымбековдор сыяктуу чыныгы эмгектери менен акча таап келишкен эмес.
Алар акчаны ак эмгектери менен таппай, күмөндүү кампаниялар, билими жок айдоочулар, булчуңу чоң жан сакчылар, күмөндүү уйгур же башка улуттагы шектүү жигиттер аркылуу арам акчаларды жасап келишкен.
Ал эми бүгүн Батукаевге эч тиешеси жок Президентти “андан акча алган” деп калп айтып чоң күнөө койууга батынды. Бул жалаасы үчүн ал мыйзам алдында жооп бериши керек. Тескерисинче, Президент Жээнбеков Атамбаев бүтүрбөй кеткен чуулгандуу ишти бүтүрүп аягына чыгарып, күнөөлүү адамдарды кылмыш жообуна тартылуусун каалап жатат.
Мындан тышкары, Атамбаев “Батукаевден акча алган” деп эл алдында мени күнөөлөп аброюма, ар-намысыма шек келтирип бир жактуу каралады.
Буга чейин бир ай бою “Апрель ТВ” каналы ушинтип мени каралаганда ал каналды сотко берип көп маани берген эмесмин. Бул жөн гана журналисттердин кемчилиги деп ойлогом. Көрсө, мен тууралуу Атамбаев өзү ушак таратып, жалаа жаап жаткан турбайбы?
Эми эртеңден баштап Атамбаевди сотко берүү иши менен киришип, мурдагы Президенттин үстүнөн арыз жазып сот органдарына кайрылаарымды билдирем.

Эми мага жалаа жаап, Батукаев маселеси боюнча мени жаман атты кылгандыгы боюнча Атамбаев мыйзам алдында жооп бериши керек.
Эми Атамбаевдин Салянова тууралуу “боору ооругандыгы” боюнча Бирөөгө сын тагуудан мурун Атамбаев өзүнүн кечээги “Ишмердүүлүгүнө” бир кайрылып көрсүн!
Ошол Атамбаевдин заманында эми гана жарык дүйнөгө келген наристесине карабай Салянова негизсиз соттолбоду беле?
Аны эмне Алмаз мырза унутуп калдыбы?
Анын аркасы менен Аида Парламенттен кетпеди беле?
Эгерде, Атамбаевдин Аидага чындап боору ооруганда Салянованы бир топ чуулгандуу иштерге аралаштырмак эмес.
Бүгүн эгерде Аида СИЗОдо негизсиз олтурган болсо, анын негизги себепкери Атамбаев.

Эми дагы бир факторго кайрылайын. Атамбаевдин Президенттик доору учурунда оппозиция ага сөз айта албай тайсалдап, баш көтөргөндөрү камалып, соттолуп көрбөгөн кордуктарды көрүшкөн.
Маселен: Текебаев, Жапаров,Асанов, Кадыров, Чотонов ж.б.
Азыр болсо Атамбаевге окшогон оппозиция өкүлдөрү, өз дооруна салыштырмалуу ээн-эркин эле жүрүшпөйбү?
Азыркы бийлик АТАМБАЕВДИН өзүнө салыштырмалуу оппозициямын дегендерди эркин коюп куугунтук кылып, КТРдан негизсиз эч кимди каралабай эле да!
Бул Президенттин сөз эркиндигин сыйлап адам укугуна аяр мамиле жасагандыгынын белгиси.

Атамбаев өзүнө конкурент боло алган адамды каматып, анын телеканалын жаптырып, журналисттерди доого жыкканын эми ал унута коюп бизге акыл айтып жатабы?
Атамбаев бүгүнкү митингде элдин мүлкүн, байлыгын пайдаланган камакта жаткан коррупционерлерди жактап жатканы өкүнтөт.
Борбор калаа бир жума бою жылуулуксуз калып, 276 миллион доллар желип кетип өлкө кыйын абалга кептелгенде Президент коррупцияга катуу күрөш жарыялап бардыгынын каматууга мажбур болду. Бул Президент тарабынан эң туура кадам болгон. Акыры убагы келгенде Матраимовго, Атамбаевге окшогондор да камалат. Президент Жээнбеков бул күрөштө эч кимисин аябай турганына ишенем. Ал Атамбаев сыяктуу адепсиз, калпычы жана жөн жерден жалаа жаппаган адам экенин билебиз.
Дагы бир нерсе Атамбаев улуу жазууучу таап келген 50 миллион рублды кантип бизнеске салганын эмнеге айтпайт.

Кыскасы, Атамбаевдин афераларын айта берсе кагаз бети чак келбейт.
Ал бир нече ирээт эл тарабынан шайланган Парламентти “Чимкирик”, Парламент тарабынан шайланган өкмөттү “Түкүрүк” деп бийлик органдарынын аброюна шек келтирип келет.
Ал эми өлкө башчысынын наамына айтпаган сөздөрдү айтып оозу менен орок оруп келет. Бардык нерсенин чеги болот. Бийлик органдары бир чара көрүүсү керек.

Турсунбек Акун, экс-Акыйкатчы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 98 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: