Menu

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө 20-июнга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-июнга чейин баш калаанын негизги көчөлөрүндө митинг жана нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, каалоочулар мындай иш-чараларды Максим Горький атындагы гүлбакта өткөрсө болот.

Бул чечим Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитин өткөрүүгө камынып жатканына байланыштуу кабыл алынды.

14-июнда Бишкекте аталган уюмдун президенттеринин кезектеги жыйыны өтөт. ШКУга Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: