Menu

Оппозициянын чоң казаты

Бөлүшүү:

Чек ара маселесине байланыштуу оппозициялык күчтөрдүн 24-мартта Ошто белгиленген митинги токтотулган болчу. Айрымдар мындай кадамды айрым эки тарапка кызмат кылган “тыңчылардан” да көрүп жиберишкен.
Чындыгында Өзбекстан Аксыдан армиясын чыгарып кеткен соң бийлик оппозицияны жеңгендей таасир жаралган. Ал тургай  “жеңишке” шыктанган Ак үй “Улуттук оппозициялык кыймылдын” лидерлери Б.Асанов, К.Кадыров, Э.Карыбеков, Д.Сарыгуловду эки айга камап, дагы бир “чыккынчы” Д.Турдуналиевге издөө жарыялады. Бул арада карт саясатчы, “бабахан” Д.Сарыгулов башында турган оппозиционерлердин “чагылгандай тез согушту” уюштуруу жана бийлик бөлүштүрүү тууралуу жашыруун видеосу жарыяланып кетти. Бирок ушунчалык бийликтин катуу аракеттерине карабастан, азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатына нааразы болгон күчтөр 30-мартта саат 10до Бишкектин борбордук аянтында “Чоң казат” уюштурганы жатышат. Анда электр энергиясына баанын жогорулатылгандыгынан тартып, ар кандай салыктардын ойлоп табылган түрлөрү, Өкмөт башчынын Аксыдагы Үңкүр-тоону Өзбекстандыкы деп айткандыгына чейинки маселелер коюлат. Кыскасы, өлкөбүздөгү саясый кырдаал күн сайын татаалдашууда.
Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: