Menu

Кайрылуу: Адвокаттарбы же алдамчыларбы?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти
Сооронбай Жээнбековго.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
Өткүрбек Жамшитовго.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри
Айнур Абдылдаевага.
Массалык маалымат каражаттарына.
Жалал-Абад областынын Сузак районундагы
Ленин айыл аймагынын К. Жоробеков көчөсүндөгү
№35 үйдүн тургуну Дарманов Абдурасулдан
(тел: 0778 29-51-84)

Кайрылуу

Мен, Дарманов Абдурасул Рахманович, 1956-жылы туулгам, Жалал-Абад областындагы Сузак районуна караштуу Ленин айыл аймагында жашайм. Ушунча жашка чыгып, адвокат аттууга күнүм түшкөн эмес эле. Адвокат, юрист десе эле кинодогу адвокаттардай көрүп, өздөрүнүн коргоосундагы кишинин кызыкчылыгы үчүн жан-алы калбай аракет кылган адамдарды элестетип жүрүпмүн. Көрсө, турмушта таптакыр башкача экен. Эгер менин маңдайыма Жалал-Абад шаарындагы айрым адвокаттарды жазбаганда, алар ири өлчөмдөгү акчаларды алып, мени күйгүзүшпөгөндө бул турмуш чындыгын билбей кала бермек экенмин. Иштин чоо-жайы төмөнкүдөй болду. Эки жыл мурун, 2017-жылдын январында менин уулум, 1993-жылы туулган Рахманов Нурсултан досу Давранов Абдусамат экөө кылмышка шектелип, Далал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнү убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Убактылуу кармоочу жайга Сулайманов
Турат Аскарович аттуу адвокат кирип, абакта жаткан балдар менен сүйлөшүп, аларды кылмыш жазасынан куткарууну убада кылуу менен ар бири 10 миң доллардан төлөшү керектигин, акчаны тездетүү зарылдыгын айткан. Балдарда акчаны төгүп коюу менен абактан чыгып кетүү, жазадан кутулуу үмүтү пайда болгон. Көрсө, ал Турат Сулайманов Бишкек шаарынын аймактык адвокатурасына караштуу “Квалификациялуу юридикалык жардам тармагы” адвокаттар коллегиясынын адвокаты экен.

Мен Турат Сулайманов менен сүйлөшүп, юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө 2017-жылдын 2-мартында макулдашуу келишимин түздүк. Келишимде адвокаттын эмгеги үчүн төлөнүүчү сумма 100 (жүз) миң сом деп көрсөтүлдү. Турат Сулайманов менен абакта жаткан балам Нурсултан да келишим түзүп, адвокаттын эмгеги үчүн 190 (жүз токсон) миң сом деп көрсөтүлдү. Бирок, мен баары бир Турат Сулайманов айткан 10 миң долларды беришим керек эле, себеби баланы бошотуп алышым керек болчу.

Бирок, бизде мындай өлчөмдөгү акча жок, жашообуз карапайым кишинин жашоосу. Эптеп баланы чыгарып алайын деп, арга кеткенде тууган-туушкандардан чогултуп, арыдан-бери чуркап отуруп, Турат адвокатка 300 (үч жүз) миң сомду таап бердим. “Азырынча тапканым ушул, иштетип тур, калганын ай сайын таап, берип турам” дедим Туратка. Бирок, бул Туратка жакпады, мурдагы берген убадасынан кайтты, “Мен сиздин балаңызга киришпейм” деди. Менин баламдан баш тартып, чогуу абакта отурган Давранов Абдусаматка адвокат болуп, аны Кызыл-Жардагы психикалык ооруларды дарылоочу жайга алты айга экспертизага жөнөтүп жиберди.

Балам үчүн бардык нерсеге даяр болуп, башка Козубаев Азиз аттуу адвокат менен келишим түздүм. Бирок, ал аракты көп ичкен неме экен, сот менин таанышым деп мактанып, ишти бүтүрөм деп 22 (жыйырма эки) миң сом акча алган. Биринчи тергөө маалында үч жолу сотттук отурумга себепсиз келбей койду. Биринчи тергөө маалында да Турат Сулайманов беш-алты жолу соттук отурумга эч себепсиз эле келбей койгон. Булардын шытоолору көп экен, “ооруп калдым”, “башка процесстерге катышуу үчүн районго, Бишкекке бардым” жана башка шылтоолор айтылды. Анан сот отуруму аяктаган соң эле ар кайсы шылтоолор менен өзүнүн клиентине жаңы адвокаттарды алдырып, соттук отурумдарды үзлгүлтүккө учуратууга аракет кылып жүрүштү. Акырында судья менен урушуп, бири-биринин үстүнөн арыз жазышып, соттолуп жаткан клиенттери да эстеринен чыгып кетти.

Адвокаттардын бизге түшүнүксүз жүрүм-турумунун айынан биринчи соттук кароо аягына чыкпай, кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Адвокат Турат Сулайманов өзүнүн аракетсиздиги менен тергөөнү 2 жыл 3 айга созду, жарытылуу аракет да жасаган жок, балдардын тагдырына балта чаап, акырында бизди нааразы кылды. Акчаны алганы менен өздөрүнө тагылган милдетти аткарышпады. Абактагы баланы жакшылап коргоп, анын кызыкчылыгын камсыз кылган жок. Бизге берген убадалары, аткара турган милдеттери аткарылган жок. Жөн гана биздин акчабыз жана убактыбыз кетти, башка эч нерсе болгон жок.

Баламдын башына түшкөн бул иштен улам бир нерсеге даана көзүм жетти. Бизде чыныгы ишин билген, коргоочунун кызыкчылыгына жан-дили менен аракет кылган, тажрыйбалуу, билимдүү адвокаттар жок экен. Турат Сулайманов жана Азиз Козубаев сыяктуу адвокаттар өздөрүнүн гана эмес, бүт адвокаттар турмагына зыян келтирип, аброюна шек келтирип жатышат. Себеби, алар клиенттерден олчойгон акча алып, соттор жана тергөөчүлөр менен тил бириктирип сүйлөшүп, акча бөлүшүп гана жүрүшкөндөй туюлду.

Менин баамымда аттары аталган адвокаттар сот отурумдарында, тергөөдө өзүнүн клиентин коргоп, ага жүйөлөрдү келтирип, укуктарын камсыз кылып, дагы да натыйжалуураак коргош үчүн изденип, чын дилден аракет кылышат деп ойлогом. Жаңылышыпмын, баары тескерисинче болду. Адвокаттардан мен кайдыгерликти, пассивдүүлүктү, бирөөнүн тагдырына кызыкпагандыкты, болсо болор, болбосо жок – деген принципти көрдүм. Аларга адамдын тагдыры, кызыкчылыктары, укуктары кызык эмес, баары бир экен. Мындай адвокаттарды жалдап, акча кетирип, анан акырында күйүп калуунун ордуна өзүм эле тергөөчүгө, сотко сүлөшүп, пара берип бүтүргөнүм жакшы турбайбы?! Ансыз деле бардык жерде акча менен иш бүтүп калганы жалганбы…

Мен, албетте, адвокаттардын үстүнөн КР Президентине, Башкы прокуратурага арызданганмын, Башкы прокуратура бул ишти тыкан текшерип чыгууну Жалал-Абад областынын прокуратурасына тапшырган. Анда “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык карап, Башкы прокуратурага, Кыргыз Ресубликасынын Президентинин аппаратына жана Юстиция министрлигине маалымат берүү зарылдыгы айтылган.

Жалал-Абад областтык прокуратурасы бул ишти текшерип чыкты, мени жана адвокатты сурап, иштин жөн-жайын иликтеди. Мен берген акчаларымды, адвокаттын аракетсиздигин ачык айттым. Натыйжада, областтык прокуратура менин арызым боюнча материалдарды топтоду. Адвокат Турат Сулаймановдун аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн ал материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Эми ал жакта менин арызым боюнча маселе мыйзамдуу жана адилеттүү каралып, жыйынтыгы чыгат деп ишенем.

Урматтуу Президент!
Урматтуу Башкы прокурор!
Урматтуу министр!

Мен адвокаттын аракетсиздиги жана адилетсиздигинен жабыр тарткан жаран катары Сиздерден төмөнкүлөрдү суранып кетер элем:

1. Адвокат Турат Сулаймановдун жана Азиз Козубаевдин адвокаттык лицензиясын таптакыр алып салууну.

2. Адвокаттар тарабынан жасабаган аракеттери үчүн менден алган акча каражаттарын мамлекеттин эсебине өткөрүүнү.

3. Адвокат катары өз коргоосундагы адамды алдагандыгы үчүн мыйзам алдында жоопко тартууну.

4. Кыргыз Республикасындагы адвокатура тармагында реформа жүргүзүүнү жана адвокаттардын кесиптик даярдыгын, квалификациясын кайра карап чыгууну, аттестациялоо аркылуу бул чөйрөдө тартипти орнотууну.

5. Адвокаттардын ишин тыкыр көзөмөлгө алуу жагынан коомчулук менен иш алып барууну колго алууну, ишеним телефондорун, ишеним даректерин түзүү менен коомчулукту бул ишке тартууну, кайчы байланыштарды күчөтүүнү.

Анткени, бүгүнкү күндө адвокатуранын курамында кечээ милиция органдарында иштеп келген, ардактуу эс алууга чыккан, юридикалык билими тайкы, адам тагдырына дили оорубаган милиция кызматкерлери көп. Анан калса, ар кандай кемчиликтери менен жумушунан айдалган, кесиптик майданда жолу болбогон кечээки прокуратура жана сот кызматкерлери да адвокатурага толуп кеткен. Алар кантип башкалардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргошот? Кантип мыйзамдуулук жана адилеттик үчүн күрөшүшөт?

Сиздерди урматтоо менен, Абдурасул Дарманов, Жалал-Абад областы, Сузак району, Ленин айыл аймагы. 2019-жылдын 10-июну.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: