Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен чет мамлекеттер башчыларынын визиттерине жана ШКУ Саммитинин жыйынына даярдыктын жүрүшүн талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасына боло турчу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитине, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганын жана Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визиттерине даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Мындан тышкары, министр Чыңгыз Айдарбеков Шахнай кызматташуу уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкектеги кезектеги жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы бардык аты аталган иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бардык даярдык иштери мурда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле тышкы саясат ведомствосунун алдында турган учурдагы актуалдуу милдеттери тууралуу айтып берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: