Menu

Ооганстандын футбол федерациясынын мурдагы башчысы кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү үчүн камакка алынат

Бөлүшүү:

9-июнда Ооганстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөнүн футбол федерациясынын мурдагы президенти Керамуудин Каримди камакка алуу тууралуу токтом чыгарды. Ал улуттук кыз-келиндер курамасынын оюнчуларына ыдык көрсөткөн деп айыпталууда.

Ушул эле күнү Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) дисциплинардык комитети Каримди футболго байланышкан бардык иштерден четтетүү чечимин кабыл алып, аны 1 миллион швейцария франкы өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирди.

Былтыр декабрда Ооганстандын футбол федерациясынын башчысы менен уюмдун беш өкүлү улуттук кыз-келиндер командасынын оюнчуларына карата сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү үчүн иштен алынган.

Ооган футболундагы мындай зомбулук учуларлары тууралуу 2016-жылы өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон улуттук кыз-келиндер курамасынын мурдагы капитаны Халида Попал айтып чыккан. Ал 2017-жылы Британиянын The Guardian гезитине интервью берип, ооган футболчу кыздары физикалык жана сексуалдык зомбулуктарга кабылышканын билдирген. Анда ал мисал катары команданы Иорданиядагы беттешке коштоп барган эки эркек кыздарды жыныстык катнашка барууга мажбурлашканын айтып берген. «Ооганстанда туруп мындай учурлар жөнүндө айтуу биз үчүн абдан оор болчу. Анткени алар өтө таасирдүү адамдар болушкан. Эгер ооган футболчусу нааразылык билдирсе, аны өлтүрүп коюулары мүмкүн», — деп билдирген Халида Попал.

Ооган футболундагы бул окуяга өлкө президенти Ашраф Гани реакция кылып, Башкы прокуратурага текшерүү жүргүзүү тапшырмасын берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: