Menu

Уран казууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору парламенттин кароосуна алынып чыкты

Бөлүшүү:

«Уран кендерин изилдөө жана иштетүүгө байланышкан геологиялык иштерге тыюу салуу тууралуу» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна алынып чыкты.

Документтин демилгечилери депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Канат Керезбеков, Мыктыбек Абдылдаев, Бактыбек Турусбеков, Дастан Бекешев жана Алтынбек Жунус уулу.

Мыйзам долбоору калктын саламаттыгын коргоо, радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жерди, суу объектилерин, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого багытталган.

Быйыл апрелде Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбай турганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: