Өкмөт “Сырткы миграция жөнүндө”мыйзамга киргизилчи өзгөрүүлөрдү депутаттардын кароосуна койду.
Өзгөрүүлөргө ылайык, кылган кылмыштары үчүн жазасын Кыргызстандын аймагында өтөп жаткан чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгаруу каралган. Ошондой эле алардын кийин Кыргызстанга кирүүгө убактылуу же такай чектөө коюу сунушу каралган.
Кирүүгө тыюу салуунун мөөнөтү 10 жылдан тарта жасаган кылмышына жараша болот. ИИМдин орун басары Курсан Асановдун айтымында, аларды өлкөдөн эмки жылдан баштап чыгаруу сунушталууда.
Курсан Асанов азыркы учурда өлкөдөн чыгарууга каралган 360 чет элдик кылмышкер бар, муну ишке ашырууга бюджеттен 2 миллион 467 миң сом бөлүп берүү пландалууда деп белгилеген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ