Menu

Зеленский тышкы чалгындоо жетекчилигине “Батькивщинанын” депутатын дайындады

Бөлүшүү:

Украина президенти Владимир Зеленский Тышкы чалгындоо кызматынын жаңы жетекчисин дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул орунга “Батькивщина” партиясынан депутат Владислав Бухарев дайындалды.

2014-жылы Украинада бийлик алмашкандан кийин Владислав Бухарев Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары болгон. Ушул эле жылы ал Юлия Тимошенконун “Батькивщина” партиясынан депутат болуп шайлангандан кийин кызматын тапшырган.

Украин ММКлары билдиргендей, Бухарев Орусия Федералдык коопсуздук кызматынан “Күжүрмөн шериктештик үчүн” медалын алган. Украин саясатчысы Латын Америка өлкөлөрүнөн Европага ири маңзат партиясынын жөнөтүлүшүнүн алдын алууга жардам бергени үчүн сыйлыкка татыганын айткан.

Владимир Зеленский 11-июнда бир катар мекемелердин жана мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилерин дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Облустардын 15 губернатору алмаштырылды, Украина Коопсуздук кызматынын эки орун басары жумуштан бошотулду. Зеленский Жогорку рададан башкы прокурор Юрий Луценкону отставкага кетирүүнү сурады.

Украинанын Конституциялык соту 11-июнда президент Владимир Зеленскийдин украин парламентин таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу жарлыгынын мыйзамдуулугун карай баштады. Сотко Жогорку Раданын 62 депутаты кайрылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: