Menu

Түркия Кыргызстандын нотасына нота менен жооп берди

Бөлүшүү:

Сокулук районунун Орок айылындагы өспүрүмдөрдүн мушташуусу боюнча окуя болгон жерге өз жаранын, элчиликтин боюнда бар кызматкерине жардам берүү үчүн барган Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фыраттын аракетин Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги өлкөбүздүн “ички ишине кийлигишүү” катары баалап, окуянын эртеси, 6-июнда Түркияга нота жиберген болчу.

Бирок, Түркия Республикасынын тышкы иштер министрлиги эртеси күнү эле, 7-июнда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевди чакырып, ага да нота тапшырды. Анда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат өзүнүн дипломатиялык миссиясынын алкагынан чыкпагандыгы, Кыргызстандын ички ишине, саясатына кийлигишпегендиги, окуя болгон жерге консулдукта иштеген, боюнда бар кызматкери телефон чалып, жардам сурап кайрылгандыгынан улам барууга аргасыз болгондугу жана өзүнүн ал жакка барары тууралуу алдын ала керектүү органдарга маалымдаганы айтылган.

Мындан тышкары Түркиянын тышкы иштер министрлиги өз элчисинин аракетин бир тууган, боордош элдердин мамилеси катары баалап, түрк тарап мындан ары да кылымдардан бери уланып келаткан эки элдин достук мамилесин улантууга дилгир экендигин кошумчалаган.

Бул эки боордош мамлекеттин өз ара нота алмашуусу эмненин белгиси? Биринчиден, биздин министрлик менен ЖКнын айрым депутаттары гүленчилердин кыргыз-түрк достук мамилесин бузууга багытталган саботажынын таасиринде калганы байкалат. Себеби ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева гүленчилердин “Марал” радиосуна берген маегинде түрк элчисинин аракетин ачыктан ачык эле “Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү”- деп баалап, ал тургай “кетсин” деген да бүтүм чыгарып жиберди. Эмне үчүн Эльвира Сурабалдиева түрк элчиси ал күнү окуя болгон жерге Кыргызстандын күч органдарына айтып, алардын уруксаты, көзөмөлү астында барганын көрмөксөнгө салууда?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: