Menu

Каныбек Осмоналиев, ЖКнын экс-депутаты: “Эл экиге бөлүндү. Регионалдык фактор күч ала баштады”

Бөлүшүү:

– Каныбек мырза, социалдык тармактарга олигарх коррупционерлер өлкөнү 35 депутаттык мандатка бөлүп, ич ара сатып алганы калышты деп пост жаздыңыз. Неге мындай тыянак чыгардыңыз?

– Жогорку Кеңештин эгемендүүлүктү алган күндөн берки тарыхын терең изилдеп отуруп ушул тыянакка келдим. Эсиңердеби Акаевдин учурундагы Мыйзам чыгаруу палатасынын 35 депутаты кандай иштегени? Өзүнчө эле фарс болбоду беле? Ар бир депутатты «шефке алып коюшкан» болчу. Албетте, 10го жакыны баш беришкен эмес. Бирок, алар тиги “калпактын астындагы” депутаттарга ар дайым эле утулуп басып жүрүшчү. Анткени, азчылыкты түзүшчү. Көптөгөн элге зыянын тийгизген мыйзамдар, токтомдор ж.б. документтер так ошол учурларда кабыл алынган. Аткаруу бийлиги кадимкидей чардап, кутуруп кеткен. Натыйжасы эмне болду? Баарыбызга белгилүү! Азыр ошону эле ЖК менен аткаруу бийлигинде көп жылдан бери отургандар кайталаганы турушат. Алардын көбү акыркы жылдары эбегейсиз байыгандар. ЖКнын VI чакырылышында өтө начар иштегендерине азыр эл катуу баа берип койгону турат. Ошондуктан, аларда бир гана жол калды. Депутаттардын санын кескин кыскартып, акчага сатып алуу. Бюджетти экономия кылунун башка мыйзамдуу жолдору бар. Ал ЖКнын өздүк бюджетин кескин кыскартуу. Депутаттын айлыгын мугалим менен врачтын орточо айлыктарына теңеп, баардык артыкчылыктарды алып салуу. Азыр ЖКда мыйзамды өзгөртүү боюнча жан талашкан аракеттер болуп жатат. Элдин кыжырын келтирген иштерди жасай беришсинчи, анан көрөбүз!

– Баса, экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын митингинде эгер куугунтук токтобой турган болсо, президент Сооронбай Жээнбековду бийликтен кетирүү аракетин баштаарын айтты го. Анын бул аракетине кандай баа бердиңиз?

– Экс-президент 8-июнь күнү ачыкка чыгып, одоно сөздөрдү эбегейсиз айтып салды. Айрыкча, элдин лидерине кечиримсиз жалааларды жаап койду. Эми муну калтырып коюуга мүмкүн эмес. Укуктук талаада чукул арада кароо керек. Антишпесе эл түшүнбөй калат дагы, расмий бийликтин өзүнөн катуу сурап коюшу мүмкүн! Президентти бийликтен кетирүүгө болгон чакырыктын башталышы кандай катаклизмге алып келээрин эки тарап тең түшүнсө жакшы болоор эле. От менен ойноп алышты!

– Неге акыркы күндөрү Атамбаев радикал кадамдарга бараарын ачык эле айта баштады?

– Анын башка айласы калбай калган үчүн ушундай жолго аргасыз барып жаткандай. Анткени, жакын адамдары негизинен, камалышты. Элдин баасы күндөн-күнгө катуулап бара жатат.

– Аида Салянованын, Шамил Атахановдун камалганы мыйзамдуу эле болдубу же Атамбаев айткандай негизсиз болуп калдыбы?

– Канкор деп аталган Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишин баары бир тыкыр изилдөө керек эле. Ошол мезгил кеч болсо дагы келди. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Тергөөгө жолтоо болууга эч кимдин акысы жок! Күнөөсү барлар жазасын алышсын!

– Салянованы кандай тагдыр күтүшү мүмкүн?

– Аны сот гана чечет.

– Эки достун эрегиши мамлекеттин стабилдүүлүгүнө, коопсуздугуна доо келтирип койбойбу?

– Мурда абдан тыгыз кызматташып жүргөн адамдар катуу араздашып калышты. Экөө тең өлкөнүн тарыхында башчы болгондор. Албетте, мамлекеттин коопсуздугуна шек келип жатат. Эл экиге бөлүндү. Регионалдык фактор күч ала баштады. Бул өтө опурталдуу көрүнүш!

– Атамбаевдин жандалбасы эмне менен жыйынтыкталышы мүмкүн?

– Ачык айкын тергөө жана сот амалдары гана ал кишинин тагдырын чечет. Башка аракеттер – бул жөн эле эмоциялар!

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: