Menu

Фото – Бишкекте Монголиянын Кыргызстандагы элчилиги ачылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2019-жылдын 12-июнунда, Монголиянын Президенти Улуу Мартабалуу Халтмаагийн Баттулга мырза Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигин расмий түрдө ачты. Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышып, куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү.

Өз сөзүндө Монголиянын Президенти Х.Баттулга Элчиликтин ачылышы Монголиянын монгол-кыргыз достугуна чоң маани береринин далили экендигин белгилеп, Элчилик эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөчү көпүрө болуп каларына ишеним билдирди.

Катышуучуларды Элчиликтин ачылышы менен куттуктап, Министр Ч.Айдарбеков, Монголия Кыргызстан  үчүн боордош өлкө болуп саналарын, эки өлкөнү илгертеден  тарыхый жана маданий байланыштар бириктирерин, эки өлкөнүн элдеринин абдан көп жалпылыгы жана туугандыгы бар экендигин белгиледи.

«Кыргызстан жана Монголия башкаруунун Парламенттик формасындагы өлкөлөр болуп саналат. Биздин боордош элдерибиздин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө эки өлкөнүн илгертеден берки келаткан кызыкчылыктарына толук жооп берет. Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ачылышы абдан маанилүү жана практикалык мааниге ээ. Кыргыз тарабы бул чечимди жогору баалайт», – деп Ч.Айдарбеков баса белгиледи.

 Маалымат үчүн: Монголиянын Президентинин КРга расмий сапарынын алкагында алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Монголиянын Президенти Х.Баттулга менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө 2019-жылдын күзүндө Кыргыз Республикасында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-монгол Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги Үчүнчү жыйынын өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Расмий сапардын алкагында ар кандай тармактардагы 9 макулдашууга кол коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: