Бүгүн, 30-ноябрда машыктыруучу залдардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Бишкектеги машыктыруучу залдардын биринде өрт бүгүн, саат 9.30дар чамасында чыккан. Ал жерге эки өрт өчүрүүчү машина барып, жалындаган от өчүрүлгөн. Азырынча жабыркагандар менен каза болгондор боюнча маалыматтар жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ