Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди бүгүн, 13-июнда, расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунан Индиянын Президентин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.
Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Расмий сапардын алкагында Нарендра Моди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.
Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге коюу күтүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ