Menu

“Кока-Кола” элдин көзүн будамайлап жатабы?

Бөлүшүү:

Суусундук чыгарган «Кока-Кола» компаниясы жаз алды менен байгелүү акцияларын жарыялаган.

Анда: «120 миң сомдон 10 байге, 10 миң сомдон 100 байге, 800 миң штук 1 литрлик бекер кола беребиз» деген «саамалыгы» айтылган эле. Тилекке каршы ал жарыясы коомчулукка жетип-жетпей жатып токтоптур. Башкача айтканда акция 2019-жылдын 5-апрелинен 7-июнуна чейин эле экен. Өткөн жумада капкакты бекер колага алмаштырабыз дегендер нааразы болду. 2 айлык акция менен бир жылдын соода-сатыгын жүргүзүүнү максат кылган «Кока-Кола» деген куйту компанияга чара көрүш керек го. Болбосо, элдин көзүн будамайлоосун булар токтотпойт да. Негизи, суусундуктардын акциясы саратанда башталышы керек, булар жаз маалында элди азгырып, анан токтотуп койгону акылга сыйбай турат. Андан да кызыгы, акция бүтөр замат коланы 2-3 сомго кымбаттатып, баасын көтөрдү. Элдин чөнөтөгүнө тымызын кол салгандарга ким чара көрөт ыя? Үн кошкула!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: