Menu

Алматыда «Менин президентим эмес» деген баннер илинди

Бөлүшүү:

Алматыда белгисиз адамдар курулуп бүтө элек имараттардын биринин бетине «Менин президентим эмес» деп жазылган чоң баннерди илип коюшкан. Бул тууралуу Vlast.kz сайты кабарлады.

Азырынча баннердин авторлору ким экендиги ачык айтыла элек. Бирок жума күнү эртең менен Rukh2k19 деп аталган оппозициялык топ бул баннерди «Инстаграм» баракчасына жарыялап, төмөн жагына «Биз президенттик шайлоону мыйзамдуу деп эсептебейбиз. Токаев — менин президентим эмес» деп жазды.

Казакстанда өкмөткө каршы акциялардын коштоосунда өткөн 9-июндагы кезексиз президенттик шайлоодо 66 жаштагы Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчы болуп шайланган. 10-июнда батыш байкоочулары добуш берүүнүн жүрүшүндө көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилеп, шайлоо нааразылык акциялардын катышуучуларынын кармалышы менен коштолгонун билдиришкен.

Апрелде Казакстандын Нур-Султан, Алматы сыяктуу ири шаарларында таза шайлоо өткөрүү жана жарандардын саясий укуктары менен эркиндигин сактоо чакырыктары жазылган баннерлер пайда болгон. Анда бир нече активист административдик жазага тартылып, баннерлерди камерага тарткан адамдар айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: