Үстүбүздөгү жылдын 9-майында Баткен облусунун Лейлек районунда болгон катуу шамалдан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 26-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунан бөлүнгөн 1400 даана шыйпыр эки оор жүк ташуучу унаа менен Лейлек районуна жеткирилген.
Эске салсак, 9-майдагы катуу шамал Лейлек районунун бир катар айылдарындагы үйлөрдүн шыйпырларын учуруп, 3 млн. сомдон ашык зыян келтирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ