Ошто бир нече ай бою жылуулук өткөрүүчү түтүгүндө жаткан аялдын денеси таанылгыс болуп чирип кеткен. Анын өздүгү али аныктала элек. Бул тууралуу журналисттерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 10-декабрь күнү саат 14:30да Масалиев көчөсүндөгү жылуулук өткөрүүчү түтүгүндө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.
“Дененин сөөгү 2-3 ай ошол жерде жаткан. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда аялдын өздүгү такталууда”, – деп билдиришти милициядан.
Алдын ала маалымат боюнча, аялдын туруктуу жашаган жери жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ