Menu

“Азаттыктын” “Миллиондордун изи” иликтөөсүндө уйгур Сайматинин колу деп көрсөтүлгөн кол АКШдагы жолбун иттерге кам көргөн Адам Стенфилд деген адамдын колу болуп чыкты

Бөлүшүү:

Эсиңиздерде болсо, коомчулукка «Азаттыктын» «Кыргызстандан изи сууган миллиондор» аттуу иликтөөсү дуу-дуу кеп жаратып, Бажынын орун басары кызматындагы Раим Матраимов жана Матраимовдор үй-бүлөсү өлкөдөн 700 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты чыгарып кеткен деген ойду таңуулаган. Бул иликтөө коомдо резонанс жаратты, туура. Баары ишенди.

Бирок, кечээ жакында 5-каналдын «Апта сереп» программасына Элнура Алканова «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндөгү күмөн санаткан жана суроо жараткан жагдайларды иликтеп, «Азаттыкка» ишенимдүү булагы сунуштаган документтерди текшерип көрдү жана бул миллиондор маселесине байланышкан бир катар жаңы фактыларды таап чыкты. Андан да маанилүүсү – документтерге коюлган кол кытай жараны Аэеркен Саймаитиники эмес, Америка Кошмо Штаттарында жолбун иттерге кам көргөн бир компаниянын аткаруучу директору Адам Стенфилд аттуу адамга таандык экени белгилүү болду.

«Айеркин Саймаитинин атынан которулган кагаздардын арасында бир дал келбестик бар. Бир топ документтерде Саймаитинин колу латын стилинде коюлган. Ал эми эки башка банктарга коюлган Саймаитинин колу бири-бирине аябай окшош, жада калса сыясынын жукпай калганына чейин жана формасы бирдей. Ошол эле учурда «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү 3-мүнөт 30-секундунда көрсөтүлгөн документтеринин скриншотунда Саймаитинин «Абдыраз» ЖЧКсы аркылуу акча жөнөтүп жаткан учурда такыр эле башка кытай иероглифтери менен кол коюлган. Саймаити акчаларды сыртка которуп жатканда бир кол коюптур. Ал эми Матраимовдордун фондуна которуп жаткан документте такыр эле башка кол коюлуп турат. Саймаити кагаздарга ар кандай кол коё береби деген ой келди.

Латын стилиндеги колду кыркып алып, «Яндекс» ресурсуна жүктөсөк, дароо эле ага окшош сүрөттөр чыкты. Саймаитинин колу америкалык сайттан табылып, аны карасак, ал сайттагы компания жолбун иттерди багып алуу менен алектенерин окудук. Уйгур соодагери Саймаити Америкадагы жолбун иттерге кам көрөбү деп таң калып жаткан чакта иликтөөбүз күтүүсүз бурулуш жасады. Сайтта турган кол Саймаитиники эмес эле, ошол америкалык компаниянын аткаруучу директору Адам Стенфилд болуп чыкты. Сайтта жазылуу америкалык компанияга байланышып, Адам Стенфилдди тааныйсыздарбы, чын эле сиздин компанияда иштейби деп сурадык. Бул жолбун иттердин фондунун өкүлү анын башка жакка которулуп кеткенин тастыктады.

Мүмкүн бул сайт, Адам Стенфилддин колу коюлган кагаз «Азаттыктын» иликтөөсү жарыялангандан соң атайын пайда болуп калган жокпу деген шектенүү болду. Мындай жагдай үчүн маалымат кайсы учурда, качан чыкканы боюнча сактап турган атайын ресурстан карадык. Америкалык Стенфилддин колу ал ресурс аркылуу аз күн мурун эмес, 2015-жылы эле чыкканын аныктады. Мындан улам «Азаттык» көрсөткөн дүмүрчөк чын эле жасалмабы деген ой кетет. Анда Саймаитинин колун издегенден эринип ин-тернеттен эле көчүрүп алгандай», – деп айтылат репортажда.

«Мен «Азаттыктын» иликтөөсүн көрүп жатканда профессионалдык көндүм боюнча документтердеги деталдарга маани бердим. Биринчиден, видеороликтин 3-мунөтүндө Алинин (ред. Токтакунов) Кыргыз мамлекетинен чет өлкөгө акча которулду деген документтерин байкадым. Ал жерде Саймаитинин колу кытай иероглифтери менен коюлган. Андан кийин 27-мүнөттө ал башка документтерди көрсөттү, ал жакта Саймаитинин колу башкача – латын стилинде коюлган. Мен анын кол койгон жерин кесип алдым да, Үаndex Photo издөөчү программасына киргиздим. Ал мага сайттардын биринен ал колдун копиясын дароо таап берди. Анда SРСА Flоridа деп аталган америкалык фонддун директору Адам Стенфилд ачык кат менен кайрылып, астына кол койгон. Ошол кол коюлган документтерди «Азаттык» Саймаитиники деп көрсөттү. Андан кийин документтердин жарымы жасалма экенин аныктаган башка дагы деталдар чыкты. Дагы башка документтерин аныктоого мумкүн болгон жок. Себеби алар «Азаттыктын» иликтөөсүндө сапатсыз көрсөтүлгөн. Кечээ Али Токтакунов биздин бардык суроолорду уккандан кийин чар-жайыт жооп берди, бизди «силер буйрук менен иштеп жатасыңар» деп айыптай баштады. Биз анын бул айыптоолорун аябай жарыялагыбыз келди, бирок Али ал сүйлөшүүлөрдү жарыялоого тыюу салды» – дейт журналист Элнура Алканова.

Коомчулукта учурда эки анжы ой пайда бодуп, кимисине ишенээрин билбей тургандар арбын. Азаттыкты да кимдир бирөөлөр пайдаланып кетиши мүмкүн деген ой жаралат. Эгер эле «Азаттык» чын эле сатылып, акчага азгырылган болсо, эгер бирөөнүн заказын аткарган болсо, анда абройлуу ММК болгонуна карабай, эл аралык деген аброюн эл алдында биротоло жоготот.

5-канал мамлекеттик деген гана аты болбосо өз арабасын өзү тартып жүргөн, ар дайым эки тараптуу көрсөтүүлөрдү алып чыкканга аракет кылган медиа катары өзүн көрсөтүп келет. Ошол эле учурда, булар да бирөөнүн буйругу менен иштеп башташкан болсо анда элдин колдоосунан ажырайт.

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: