Menu

Канат Исаев кесиптеши Бакыт Жетигеновдон сабоо жеди

Бөлүшүү:

Канат Исаев өткөн жумада Жогорку Кеңештин трибунасында адатынча Атамбаевди болушунча шыбап жаткан учурда, сөзгө берилип, элирип кетип крим чөйрөдө аты белгилүү делген “Алмаз Бокушевдин балдары да ЖКда депутат болуп олтурат”- деп күпүлдөп, депутат Бакыт Жетигеновго сөз тийгизип, жөөлөп өткөн эле. Себеби, экс-министр Абдылда Суранчиев 2013-жылдары Жетигеновду Бокушевдин баласы деп жарыялаган. Ошондон бери, бул жарлык Жетигеновго жабышып, бирок иш жүзүндө эч кандай далил табылган эмес. Исаев ошону билип турса да, тынч жургөн Жетигеновго тийишти.

Бакыт мырза, бир сүйлөгөн, оор басырыктуу, салмактуу саясатчылардын бири. Бирок Исаев анын жинин ушунчалык кайнатканбы, айтор ал жыйын соңунда Исаевдин кабинетине кирип барып, аны алка-жакадан алып канжалата сабап, акесин таанытканын билген журналисттер жазып чыгышып, ал тургай далил катары жакында сүрөттөрүн да жарыялай турганын билдиришкен. Кыскасы, ойлонуп сүйлөбөй, оозго жеген Исаев өзүнөн көрсүн. Коомчулуктун басымдуу бөлүгү Жетигенов туура эле кылыптыр деп, колдоп жатышат.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: