Menu

Эрдоган Мурсинин өлүмү боюнча эл аралык тергөө жүргүзүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Египеттин мурдагы лидери Мохаммед Мурсинин өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча эл аралык тергөө жүргүзүүгө чакырды. Мурси дүйшөмбү күнү өзүнүн тыңчылыкка тиешеси бар экендиги тууралуу кылмыш иши боюнча өтүп жаткан сот отуруму маалында каза болгон.

Эрдоган Мурсинин өлүмү эл аралык деңгээлде тергелиши үчүн «болгон аракетин көрө турганын» билдирди. «Бул кылмыш эл аралык деңгээлде тергелиши керек. Мисалы, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы тарабынан. Мурси 20 мүнөт сот залында кыйналып жатты, ага эч ким жардам берген эмес. Аны өлтүрүп коюшту», — деди Эрдоган.

Күн мурун Стамбулда Эрдоган сыяктуу саясий ислам идеяларын колдогон Египеттин мурдагы президентине дуба окулду. Анда Эрдоган Мурсинин өз ажалы менен өлгөнүнө ишенбей турганын билдирген.

Шаршемби күнү Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Хафез мындай сөздөрдү сынга алып, бирок кеп Түркия менен анын лидери жөнүндө болуп жатканын ачык айткан жок. «Мындай кызмат адамдары демократия менен адам укуктарын сыйлоо жөнүндө айтып, бирок иш жүзүндө бийлигин кандай жол менен болсо да сактап калууга аракет кылып жатканын көрсөтүп жатышат. Бул сыяктуу билдирүүлөрдү «адамдын өз ажалы менен өлүшүн атайылап саясатташтыруу аракети» деп эсептейм», — деди Хафез.

Дүйшөмбү күнү каза болгон 67 жаштагы Мохаммед Мурси Эрдогандын саясий союздашы катары эсептелип келген. Алар экөө тең өз өлкөлөрүндө байистүү исламдын лидери болгон.

Мохаммед Мурси 2012-жылы Египеттин тарыхындагы алгачкы демократиялык жана атаандаштык шартта өткөн президенттик шайлооодо жеңишке жеткен. Өлкөнүн ага чейинки президенти Хосни Мубарак «араб жазы» окуяларынан кийин бийликтен кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: