Menu

Жогорку Кеңеш “Экс-президент А.Ш.Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтом кабыл алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтомдун долбоору каралды. Адегенде Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин баяндамасы угулду.

Суроо-жооп жүрүшүндө депутат Асел Кодуранова комиссия ишинде эмне үчүн А.Атамбаевдин өзү чакырылбагандыгын сураганда, комиссия төрагасы К.Иманалиев комиссиянын ишине кызыккан тараптардын баары чакырылгандыгын билдирди. А.Кодуранова берилген жооптордун баары шылтоо катары кабыл алды.

Депутат Жанарбек Акаев өз маалында А.Атамбаев саясый репрессия кылгандыгын көптөгөн белгилүү саясатчылар, депутаттар айтканын эске салып, андай болгон шартта бүгүнкү бийлик тушунда экс-депутат Өмүрбек Текебаев бошотулушу керектигин белгиледи. Ошону менен катар Ж.Акаев коомдун кызуусун арттырган жүйөөлүү маселелер Жогорку Кеӊеште талкууланып турушу зарылдыгын кошумчалады.

Депутат Кенжебек Бокоев көрсөтмө бергендердин арасында заказ менен кылмыш иши козгоду деген тергөөчүлөрдүн иши дагы каралышы керек деген пикири менен бөлүшүп: «Муну менен мындан кийин бир дагы иш заказ менен козголбошуна сабак болушу керек»,- дейт.

Айрым эл өкүлдөрү жана коомчулук тарабынан айтылып жаткан комиссия иши өтө тездик менен бүттү деген ойлорго комиссия төрагасы жооп берди. Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, Жогорку Кеӊеш комиссияга 7 күндүк мөөнөт берген. Мындан сырткары, бул комиссиянын иши парламенттик иликтөө эмес. Атайын комиссиянын ыйгарым укугунда корутунду берүүдө кылмыш иши бар же жоктугуна гана жооп бериши керек.

Депутат Бакыт Төрөбаев өз маалында «мыйзамдагы ууру» А.Батукаевдин иши, Бишкек ЖЭБи боюнча иштер каралганда А.Атамбаевдин аты аталбагандыгын тактап, бардык айыптоолорду укук коргоо органдары тарабынан ар тараптуу, жеткиликтүү далилдер менен ачык-айкын, калыс иликтениши керектигин айтты.

Депутат Альфия Самигулина коюлуп жаткан айыптоолор тастыкталбаса Жогорку Кеӊеш кандай жоопкерчиликте болоруна кызыкты. Каныбек Иманалиев Жогорку Кеӊеш экс-президентке айып койбогондугун, аны катардагы жаран катары суракка алууга жол ачып жаткандыгын, бул жагдайда Жогорку Кеӊештин моралдык жоопкерчилиги гана болоорун жооптоду.

Депутат Карамат Орозова экс-президентке учурунда «бул чечим туура эмес, саясый куугунтук болуп жатат» деп эч ким айта албагандыгын, бүгүнкү күндө деле бир саясый партияны башка бирөөнүн алдына алпарып берип жаткан жагдайга эч ким эч нерсе дебей жатканын сынга алды.

Атайын комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев комиссиянын ишинин процедурасы бузулбагандыгын, ишти кароодо эч кандай басым-кысым болбогондугун, комиссиянын ар бир мүчөсү комиссия иши боюнча жооп бере алаарын белгиледи.

Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору 100 добуш менен кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: