Menu

Фархат Баабиев: “Иса Өмүркулов Карагай-Булакта 2000 меринос, 1000 гиссар кой, 1000 жылкы кармайт, булар элдин акчасына алынган”

Бөлүшүү:

“Атамбаевдин жанында жүргөн жанагы Иса Өмүркуловго аябай нааразы болуп калдым. Ушул эле айылдын, Ысык-Ата районунун, Чүйдүн кулуну ошол киши. Ушунча жыл жанында арам болуп жүргөнүнө мен абдан таң калдым да”, – деп билдирди өзүн Жумгалдан келдим деп тааныштырган КСДПчы Фархат Баабиев 22-июнда Алмаз Атамбаевдин үйүндөгү тарапкерлеринин жыйынында.

“Өмүркулов өзү таза бекен? “Иса Өмүркуловдун 1000 жылкысы Кочкордун жайлоосун тебелеп өттү эле, жайытыбыз талкаланды” деп арызданып, жазып жатышат. Бул факты. Мен өз көзүм менен барып көргөм, Ысык-Атанын Карагай-Булак айылында 3 сарайы бар, меринос коюнан 2000 кармайт, гиссар коюнан 1000 кармайт, 1000 жылкысы бар экени чын. Бул элдин акчасы. Ал бизнесмен эмес, өмүр бою бийликте жүрүп байыган. Биздин жон терибизден шылып топтогон байлыгы. Аны эмнеге карашпайт? Учурунда Аликбек Жекшенкуловдун баласы хулиганчылык кылып, атасынын пистолети менен ээнбаштык кылды эле Алмаз Шаршенович ордуна койгон. Ошол кылганы үчүн. Ал эми Иса Өмүркуловдун баласы мэриянын кызматтык машинасы менен барып туруп, 3 адамдын өмүрүн алды. Балдарын жетим калтырып, ата-энени сыздатып… карапайым адамдар үй салганга жерге жетпей жүргөндө, Алмаз Атамбаев жер боюнча жарыялаган мораторийди көзгө илбей туруп, Ата-Түрк паркын тоногон, саткан Иса Өмүркулов! Эмне үчүн ага жооп бербейт? Мен ошол кишиге абдан нааразымын. Кыргызда күң жилик тартылбайт, эгер кимге күң жилик тартылса ал сен биздин айылдан көчүп кет деген белги. Мен Иса Өмүркуловго күң жилик тарттым. Ага караганда түштүктүк болсо да Карамат эже менен өзбек Анвар Артыков дурус экен. Мен ушу кишилерге абдан ыраазымын. Ошол Иса Өмүркуловго караганда ушул кишилерге уча тартканыбыз жакшы…”, – деди Фархат Баабиев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: