Menu

Жеке кызыкчылыгын жогору койгон, элдин тынчтыгын ойлобогон Алмазбек Атамбаев кан төгүүдөн кайра тартпай турабы?

Бөлүшүү:

Өткөн аптада жалпы эли-журтубуз бир жылдан бери зарыга күткөн кадамдар Жогорку Кеңеш тарабынан шилтенип, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу иши алдыга жылды. Комиссия бүтүм чыгарган соң, 100 депутаттын добушу менен Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Түн уйкусу бузулган А.Атамбаев дароо кайрылуу жасап, көп өтпөй тууган-уругун үйүнө жыйнады. Ал жерде элдин ынтымагына, өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кете турган сөздөр сүйлөндү. Анда сөз башынан болсун.

Жогорку Ксңештин депутаттары 13-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кыңыр иштерин иликтөө учүн комиссия түзгөн эле. Алар өткөргөн жыйында күч түзүмдөрү фактыларлы ачыкка чыгарган.

1. ИИМдин Иликтөө кызматынын башкармалыгынын орун басары Мырзалы Жумаев Батукаевдин ишинде Атамбаевдин катышы бардыгын билдирип: «Тергөө учурунда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов сурак протоколунда «Батукаевди бошотууга Атамбаевдин катышы бар. Тапшырма берилген» деп көрсөтүп жатат» деди.

2. УКМКнын Иликтөө башкармалыгынын орун басары Сагынбек Самидин уулу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ЖЭБди модернизациялоодогу коррупциялык иштерге байланышы бар экенин билдирип: «Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөнү уюштуруу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Жазык кодексинин 319-беренеси «Коррупцияга» экс-президенттин тиешеси бар деп материалдар бөлүнүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн» деди.

3. Ошол эле УКМКнын кызматкери Сагынбек Саймидин уулу Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча коррупцияга айыпталып жаткан шектүүлөрдүн арасында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымы дагы бардыгын билдирип: «Массалык маалымат каражаттарына маалымат бергендей иш тергелип, тиешелүү адамдарга айыбы угузулуп, азыркы күндө сотто каралууда. Калган материалдар бөлүнгөн, алардын ичинде экс-президент да бар, тергелүүдө» деди.

4. Комиссиянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ЖЭБке ташылып келген көмүр коррупциясы боюнча экс-ажо Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени ачыкка чыккан. Муну тармактык комитеттин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев ачыкка чыгарып: «Камакта отурган Осмонбек Артыкбаев Бишкек ТЭЦине көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Алмазбек Атамбаевдин байланышы бар экенин айтты» деди.

Мына ушул фактылар айтылгандан кийин комиссия Алмазбек Атамбаевге алты бөлүмдөн турган оор айыптарды койду.

1 – Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар.

2 – Тарых музейин оңдоодогу мыйзам бузуулар.

3 – Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы.

4 – ЖЭБке көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар.

5 – Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына чыгарып берип, анын бир участогун өзү пайдаланышы.

6 – Кой-Таш айылындагы жер участкасын сатып алуу маселеси.

20-июнь күнү Жогорку Кеңештин жыйынына комиссиянын токтому чыгарылып, 100 депутаттын макулдугу менен Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Эми Башкы прокуратура айтылган дооматтардан кылмыштын элементин таап калса, кайра парламентке кайрылат. Аны Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, 80 депутат колдоп берсе мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамынан ажырайт.

Мына ушул иштерден кийин Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, логикага сыйбаган сөздөрдү божурады. Таразалап, собол салып көрөлүк.

А.Атамбаев: —Сооронбай Жзэнбеков менин оозумду жабыш үчүн ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоодон башка ыкма таппай турат.

—Экс-президенттин сот алдында жооп беришин жалгыз С.Жээнбеков эмес, бүткүл эл талап кылып жатканын кантип жашырасыз?

А.Атамбаев: —Бул максатта бир жылдан ашуун эң эле ыплас ыкмалар, жеткен ыплас саясатчылар, ыплас ушактар пайдаланылып жатат.

—Эң ыплас саясат, эң ыплас ушактар Атамбаевдин учурунда жүргөн. Далай саясатчылар, журналисттер жалган жалаа менен соттолду. Маселен Текебаев жалган жалаа менен темир тор артына киргизилгени жалганбы?

А.Атамбаев: -Жээнбековдордун уй-бүлөсүнө жагалданып, коркоктук менен шаша-буша Конституцияны бузушканы, башка мыйзамдарды тоготпогону, документтерди жашырышканы, парламенттин трибунасынан уялбай туруп калп айтышканы чындык менин тарабымда экенин мындан да кашкайта далилдеп турат.

—2020-жылга чейин мораторий киргизилгенине карабастан тебелеп-тепсеп Конституцияны Атамбаев бузганын эл жакшы билет. Ошондо Президенттик трибунадан ким жалган айткан?

А.Атамбаев: —Булар Атамбаевди кантип өзөртө согуп, өчүбүздү алсак деп турушат, анткени апрель революциясынан кийин алардын көпчүлүгү жеңилдиктеринен, мыйзамсыз жем жеген акырынан жана уурдаган мүлкүнөн көл жуушкан.

—Апрель революциясынан кийин эч кимдин мүлкү мамлекетке кайтарылган жок. Кээ бирөө кол жууган болушу мүмкүн, бирок аларды шопур, жансакчыларга алып бериптирсиз го. Муну кайда катасыз?

А.Атамбаев: —Мен эч качан жоопкерчиликтен корккон эмесмин жана президенттик кызматтагы ар бир чечимим үчүн жооп берүүгө даярмын. Бирок мага Жээнбековдор тарабынан таңууланып жаткан, күнөөкөрдүн ролуна, калп менен ушактарга эч качан макул болбойм, койго окшоп мойнумду тосуп бербейм.

—Ар бир адам кылган күнөөсү үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Ак адам эч качан мындай митайымдыкка барбайт. Мамлекет өз жазасын берет.

А.Атамбаев: —Булар элди көпкө алдай албайт, өзүлөрүнүн ыплас ушактарын да мага оодара албайт.

—Туура, Атамбаев өңдуүлөр элди көпкө алдай албайт. Ыплас ушактын доору бүттү.

А.Атамбаев: —Чындык жана мыйзам мен тарапта! Мага намыс өмүрдөн кымбат!

—Жалган жалаа менен далай адамды сыздатып, мамлекетти сызга отургузуп, карызга батырып кеткен адам чындык менен мыйзам мен тарапта дегени кайсы акылга сыят? Же намысы бар киши мамлекетке ушунчалык чыккынчылык кылабы?

Тынч жаталбаган Атамбаев 22-июнда Кой-Таш айылындагы үйүнө жек-жаатын, тууган-уругун чогултту. Анда акаарат сөздөр айтылып, бийликти басып алуу чакырыктары да жасалды. Айтсак, журналист Назгуль Мамытова «чүйлүктөр биринчи сиздерсиздер, артка жол жок, С.Жээнбековдун бийликке келгенине 2 жыл болду, жакшы иш-чаралар жүрбөдү, бир гана саясий куугунтук менен алек оолуп калды, саткындарга жол жок, биз саткындардын колуна А.Атамбаевди салып бербейбиз» деген сындуу сөздөрдү айтса, ажаандыгы менен аты чыккан Рита Борбукеева: «Президент менен Жогорку Кеңештин шиши толду, бирди көрөт, биздин үмүт А.Атамбаев, чүйлүк ак-сакалдар эмне себептен И.Өмүркулов менен С.Абдырахмановду тарбиялай албай жатат» деди.

Жумгал районунан келген Баабиев Фархат азыркы Президент С.Жээнбековго, чүйдүн чыгаан жигиттеринин бири Иса Өмүркуловго нааразы экендигин айтып, эгерде А.Атамбаевге карата бир нерсе болсо, ошол замат ак үйдү көздөй барыш керектигин, Президент менен Жогорку Кеңешти кетириш керектигин билдирип, «Биз бийликти алышыбыз керек» деп жыйынтыктады. Депутат Анвар Артыков: «Эгерде ушундай мыйзамсыздык улана берсе, эртең Алмазбек Шаршеновичти алып барып отургузуп койсо, биз ага жол берсек, унчукпай отурсак тарыхыбыз эмне болот? Мен базарга, дүкөнгө, тойлорго барсам мени көргөн кишилер саясатты эле сүйлөшөт. Бирок ушул күнгө чейин бирөө да «сен туура эмес кылып атасың. Акыйкат башка жакта» деген жок. Баары тең бүгүнкү болуп жаткан мыйзамсыздыкка нааразы» деди.

Элдин акырында сөз алган Алмазбек Атамбаев мындай сөздөрдү айтты, талдап, собол салып көрөлүк.

А.Атамбаев: —Мен өзүмдү өзүм коргоп көнгөм. Мага эч ким кереги жок, менде керек болсо өзүмдүн ку-ралым бар.

—Бакиев да курал менен коргоно турганын айткан бир кезде. Анын кесепети жаман болорун билесизби?

А.Атамбаев: —Мен койго окшоп колхоздун башкармасы айтса эле кете бербейм. Акыркы жолу 12 айылдын өкүлдөрү келиптир, өзүмдү өзум коргойм десем, дарбазанын сыртына жатып алабыз дешти.

—Ууруну эч ким коргобойт. Акчага жалдангандар аягына чейин туруп бералбайт. Аны Атамбаев чогулткан парламенттен көрбөдүкпү.

А.Атамбаев: —Убагында мен депутаттык, президенттик, генералдыкка алып барган бирөөсү да келбей, карапайым эл келипатат.

—Во, бул туура эмес саясат жүргүзгөндүн фактысы!

А.Атамбаев: —91-жылдан бери өз айылыма ун таратам, жүздөгөн мүшөк.

—Бергенин далалат кылып, эмнеге догурунуп жатат? Же башыма иш туштү, эми колдоп бергиле деп айылдаштарына берген унун колко кылгандагысыбы?

А.Атамбаев: —Эч качан бироөдөн пара алган эмесмин, берчүмүн, ошол эле Иса Өмүркулов, мультимиллионер Сооронбайлар менден акча алчу. Бир тыйыны жок жүрөт деп ишенчүмүн.

—Эгер буларга бергениңиз чын болсо, анда эмне үчүн Нариман Тюлеевден карызга акча алгансыз?

А.Атамбаев: —Кулматов, Сапарлар отурса, бажыдан жыйымдар 100 эсе көп болмок. Калп эле коррупцияга каршы күрөшүмүш болушуп, бир адамдын оозун жаба албай жатышат.

—Кулматов бир нече жыл иштегенде эмне үчүн чогулта алган эмес?

А.Атамбаев: —Мен тирүү кезимде сүйлөйм.

—Коркпоңуз, ажалы жетпесе түрмөдө деле киши өлбөйт, сүйлөй берсе болот.

А.Атамбаев: —Туура айтат Сооронбай Жээнбеков, Атамбаевдин тушунда мафиозный группа түзүлгөн деп, башында өзү турат, Матраимов Жээнбековдордун кланы.

—Чындыкты акыры моюнга алыпсыз, ыраазыбыз.

А.Атамбаев: —Убагында жашынып жүргөн уурулар, азыр тойлордо жыргап жүрүшөт. Жээнбековдор, Келдибековдор, Матраимовдор жана башкалар.

—Жүрөгү таза адам бийлик колунда турганда эл үчүн иштеп, ууруларды баш көтөргүс кылып жазалайт. Төө кыядан өткөндөн кийин кыйкыруу – бул ичиң күйсө туз жала дегенге жатып калат.

А.Атамбаев: —Менин кайгырганым мага жанымдагылар Сооронбай болуп чындыкты айтышчу эмес экен. Мен ушундай адаммын мага бироө бир нерсе айтса ишене берем. Чындыкты айта турган адамдарды менин жаныма алып келишкен эмес. ГКНБ өздөрүнө керектүү маалыматтарды берген.

—Көсөөнүн акылы түштөн кийин келет.

А.Атамбаев: —Бир гана Бишкекте эмес, чет элде дагы килейген ишканаларым бар болчу. Ал дагы секрет эмес. Журналисттер барып текшерип келишти.

—Маалыматты билсек болобу?

А.Атамбаев: —Казакстанда Мотуевдин кебетесин көрсөтүшчү да, мына кыргыздар ушундай деп.

—Мисал кылганга Мотуевден башка киши жокпу?

А.Атамбаев: —Кээ бирөө мага азыр кайгырып келишет. Форумда мен аларды сооротуп отурам. Мага дух бергендин ордуна.

—Алардын арманын угуп жүрөктү оорутуп отургандан көрө «тигил» жакка кирип кеткениңиз оң. Тынч.

А.Атамбаев: —1 жыл мурун, 2-3 ай мурун Атамбаевге эч ким ишенчү эмес.

—Чындыкты айтыптыр. Азыр деле эч ким ишенбейт.

А.Атамбаев: —Сооронбай менен Парламенттеги чимкириктер бир театр кылып жатышат. Атамбаевди соттойбуз деп. Мен алардын сотуна бара турган адам эмесмин. Мен кудайдын сотуна барамын. Элдин сотуна даярмын. Ууру, чимкириктердин, бети жоктордун сотуна бара турган Атамбаев эмес.

—Миң ирет кыйкыр, миң жолу бакыр, бирок сот алдына баары бир барасың. Кылган ишиң үчүн Кудай алдында, эл алдында жооп бересиң.

А.Атамбаев:Мурда мен кечирип койчумун, ошол эле Канат Исаевди, Каныбек Иманалиевди, Иса Өмүркуловду, Сооронбай Жээнбековду, бир жолу сатып коюптур, оңолот деп. Экинчи буларга мамлекеттик кызматтарды бербеш керек.

—Өз дооруңуз бүттү, эми мамлекеттик кызматты сиз эмес, эми эл берет.

А.Атамбаев:Балдар өзүнчө график түзүптүр, сизди кайтарабыз деп, мен каршы болсом да. Менде винтовкасы да бар, тапанчасы да бар, өзүмдү өзүм коргой алам.

—Бирөөнүн өмүрү менен ойноо жакшылыкка алып барбайт.

А.Атамбаев: —Бул айбандар өзү эле кетет. Анвар Артыков айткандай биринчиси 15 жыл отурду, экинчиси 5 жыл отурду, үчүнчүсү канча турганы андан да аз калды. Элди кой катары көрсө, тебелесе. Эл деген тараза.

—Эл кимди ээрчишин өзү билет.

А.Атамбаев: —Тилегим бар, Кудай ушул сыноодон кесепети жок, ынтымактуулук менен, кан төгүлбөстөн Кыргызстаныбыз өтүп кетсе экен.

—Кан төгүүдөн дагы деле кайра тартпайт экенсиз да?

Айтор, «агонияга» түшкөн Атамбаев айкырыкты катуу салып, камактан аман калуунун аргасын издей баштады. Бирок, уурунун, кылмышкердин орду түрмөдө экенин барыбыз билебиз. Элдин акылы бышып калган. Эч качан арам акчалуу адамды ээрчибейт. Эгер Атамбаев адилеттүү болсо шейит кеткен 87 баланын арбагын сыйлап, ууру-кескинин баарын жазалап, татыктуу өлкөнү таштап кетмек. А бул тескерисинче жалаң ууруларды бийликке топтоп, таланып-тонолгон өлкөнү калтырды. Бул үчүн жооп бериши керек. Бүгүнкү бийликтин кадамдарын колдойбуз.

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: