Menu

“Замандаш” Бишкекте “мигранттардын үнүн” жаңыртты

Бөлүшүү:

25-июнда Бишкек шаарындагы М. Горький атындагы сейил багында “Замандаш” партиясы тарабынан “Мигрант үнү” аталышындагы акция өттү. Бул акцияга Орусияда эмгектенип жүрүшкөн ондон ашуун эмгек мигранттары келип, миграция көйгөйлөрүң айтышты.

Иш чарада мигранттар өз көйгөйлөрү менен сунуштарын билдиришти. Ал эми энелер болсо алыста жүргөн балдары жөнүндө сөз кылышты. Мындан сырткары чет жерде каза тапкан мигранттардын сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин “Замандаштын” лидери Жеңиш Молдокматов айтып, ЖКда кароо үчүн 40 миң кол чогулганын, бул кол топтоону күзгө чейин дагы да улантып, күзүндө парламентке тапшыра турганын билдирди. Ошондой эле Молдокматов өз сөзүндө: “Бизде жүк-200 маселеси абдан оор. Чоң көйгөй. Мына бир гана Орусиядан Кыргызстанга 350дөн 450гө чейин ар кандай кырдаалда каза тапкандардын сөөгү келет. Мамлекеттен компенсация төлөнөт. 2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 20 млн. сом коротулуптур, болгону анын 20 пайызы гана жааптыр. Өзбекстан мамлекети Мигранттар фондун түзүп, ага 26 млн. доллар салып коюшту. Өзбек бийлиги Жүк-200 маселесин толугу менен өз моюндарына алышты. Ал эми биздин акчалар кайда? Эмнеге бул мааселе толук чечилбей келатат?” – деп каңырыгы түтөп, өзөктүү кептен козгоду. Чын эле, бийлик мигранттардын мына ушул маселесин чечишеби, же “Замандашка” эле түртө салышабы?

Кошумчалай кетсек, статистика боюнча бүгүнкү күндө 710 миң кыргыз жараны чет жерлерде эмгектенип, 277 миң бала кароосуз калууда.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: