Menu

Эл аралык бокс федерациясы олимпиадалык турнирден четтетилди

Бөлүшүү:

26-июнда Эл аралык Олимпиада комитети Лозаннада өткөн 134-сессиясында Эл аралык бокс федерациясын (AIBA) олимпиадалык турнирден четтетип, бирок боксту 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарынын программасында калтырды.

Мындай чечим кабыл алууга АКШнын санкциялык тизмесине илинген, “уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин бири” аталган өзбекстандык Гафур Рахимовдун AIBA президенти катары дайындалышы себеп болду.

2019-жылы май айында Эл аралык Олимпиада комитети Эл аралык бокс федерациясын комитеттин шарттарын аткарган жок деп күнөөлөгөн.

Эл аралык Олимпиада комитети AIBA федерациясын олимпиадалык турнирден четтеткени менен бокс Токиодогу оюндардын тизмесинде калды. Бул маалыматтан кийин Эл аралык бокс федерациясы кызматкерлеринин саны кескин кыскарганын жарыялады.

2018-жылы ноябрда Өзбекстанда криминалдык төбөлдөрдүн бири катары аты чыгып жүргөн ишкер жана мурдагы мушкер Гафур Рахимов Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти болуп шайланган.

2012-жылы АКШ Рахимовго эл аралык баңгизат соодасына катышы бар деген шек менен каржылык санкция киргизген.

Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети Рахимовго кайрылып, анын талапкерлиги боксту 2020-жылкы Олимпиаданын программасында сактап калууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин, анткени ал кримдүйнөгө байланышы бар деп шек саналып жатканын билдирген

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: