Кой-Ташта Алмазбек Атамбаев жердештери менен жолугуп, түлөө өткөрүп, ал ортодо бир топ ачуу пикирлер да айтылды. Экс-президент өзү коргонууга курал-жарактары жетиштүү экенин айтып, жыландын башын кылтыйтты. Сүйлөгөндөр көп болуп, бир топ жалындуу «көк түтүндөр» буркурады. Фархад Бабиев аттуу жаран «Атамбаевге иш козголсо жаштар Акүйгө барышыбыз керек. Ташиев секирген забордон биз да секире алабыз. Мындай бийликтин кереги жок!» деген сыяктуу өтө ачуу кыйкырыктар арбын болду. Азыр маалыматтар тез жайылган заман эмеспи, болгондо да коопсуздукка шек жараткан үркүтүүлөрдөн Кыргызстандагы ишкерлер чочуркашып, соодаларына зыян келе баштаганы айтылууда. «Бир балекет болуп кетпейби?»деген ишкерлерибиз сак-сактай башташты. Ал эми сырттан келе турган инвестиция башта эле токтоп калган болсо, эми кан буугандай байланары, туристтердин келиши кыйла солгундап кетиши да калетсиз. Сыягы, быйылкы жылдагы саясый туруксуздук экономикалык-социалдык абалыбызга кыйла таасирин тийгизип, күзгө карай мурда болуп көрбөгөндөй кризиске кептелбейбизби?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ