Menu

Видео – Бакыт Төрөбаев: “Биз президенттик же парламенттик системанын бирин тандоого референдум өткөрүүнү сунуштайбыз”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүн парламентте бидирүү жасап, шайлоо мыйзамы жана мамлекетти башкаруу формасы боюнча олуттуу сунуштарды киргизди.

“9 пайыз чекти калтыруу, менин оюмча бул парламентаризмдин жок болушунун башталышы. Бул жерде 9 пайыз менен партиялар биригет деген ой айтылып жатат. Ооба, алар биригет. Бирок идея менен эмес, кызыкчылыктар менен биригишет. Партиялардын келечеги жок болуп, бул система толугу менен кыйроого учурайт. Анда конституцияны өзгөртүп бербейлиби, башка башкаруу формасына өтөлү. Ошондо парламентке 2 же 3 партия эле өтүп, партиялар эч нерсе чечпей, өкмөттүн жоопкерчилиги бүгүнкүдөй боло берет”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Бул мыйзам кабыл алынса, парламентке каржылык ресурсу чоң жана админресурс колдонгон 2 же 3 партия гана келет дейт депутат.

“Анда саясий чөйрөдө плюрализм жана атаандаштык толугу менен жоголот. Өкмөттүн жоопкерчилиги бүгүнкүдөй болуп, баардык суроолор жана сындар президент менен Жогорку Кеңешке айтыла берерин Төрөбаев ырастады.

Ошондуктан, конституцияга өзгөртүү киргизип, референдум аркылуу эл башкаруу системасын тандап алыш керектигин билдирди. Буга байланыштуу Бакыт Төрөбаевдин демилгеси менен референдум боюнча мыйзам долбоору даярдалды.

“1996-жылдан бери Кыргызстанда бийлик 6 референдум өткөрдү. Бул референдумдарды анализ кылып көрсөк, мамлекетти башкаруу системасын – ар дайым бийлик өзү тандап, Кыргызстандын элине сунуштап турду. Биздин жарандарыбыз болсо, бийлик тандаган жана сунуштаган башкаруу системасын кабыл алууга мажбур болуп келишти. Бирок, Конституцияга ылайык эл мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы! Башкача айтканда, мамлекеттик башкаруу системасын бийлик эмес, Кыргызстандын эли гана тандоого укугу бар”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык референдум аркылуу Кыргызстандын эли президенттик же парламенттик башкаруу системасын тандашат. Андан соң Конституциянын долбоору даярдалып, кабыл алынат. Жаңы Конституция 2024-жылдан баштап күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: